Аллаху
тааланын Асма-и хуснасынан. Пенделеринин күнөө, кемчилик жана каталарын абдан
көп жабуучу, кечирүүчү.
Аллаху таала
аяти карималарда мындай деген мааниде айтат:
Эгер бир адам зулум (күнөө) кылып, кийин
тообо кылса, салих (жакшы) амал кылса, Аллаху таала тообосун
сөзсүз кабыл кылат. Чындыгында, Аллаху таала Гафур, Рахим (өтө
ырайымдуу). (Маида сүрөсү, 39)
Эч кандай күмөн жок, Аллаху таала Гафур, Рахим. (Тагабун сүрөсү, 14)
(Эй, Хабибим!) Коомуңа айт: "Эй, күнөө кылуу
менен напсилерине каршы чектен ашкан пенделерим! Аллаху тааланын ырайымынан
үмүтүңөрдү үзбөгүлө! Аллаху таала бардык пенделерди кечирет. Ал Гафур,
Рахим. (Зумар сүрөсү, 53)
Ал-Гафур куттуу
ысымын айткан адамдын акыркы демде калима-и таухидди айтуусу жана өлүмү жеңил
болот. (Юсуф Набхани)