Адамдардын
дүнүйө жашоосунда кылган бардык иштери жазылган жана Арасат аянтында ар кимге
бериле турган дептер.
Кыямат күнү бир адам мизанга алып келинет. Андан кийин
ар биринин чоңдугу көзгө көрүнгөндөй узундукта болгон токсон тогуз амал дептери
алынып келинет. Бул дептерде ал адамдын жакшылыктары менен жамандыктары
жазылган болот... (Хадиси
шариф-Аш-Шариа)
Кыяматта адамдар
бир жерге чогулушат. Алардын үстүнө кара бир булут келет. Ал булут адамдардын
үстүнө амал дептерлерин жаадырат. Момундардын амалдары кудум роза гүлүнүн
жалбырагына жазылгандай. Ал эми капыр адамдардын болсо кедр жалбырагына
жазылгандай. (Имам-и Газали)