Өлгөндөн кийин
адамдар жана башка жандуулар кайра тирилтилип чогула турган аянт. Ал жер мавкыф
жана махшар деп да аталат.
Кыямат күнү сахабаларымдын ар бири кабырынан турганда өзү кайтыш болгон
өлкөнүн бардык момундарын артынан ээрчитип, аларга нур, жарык чачып, Арасат
аянтына алып барат. (Хадиси шариф-Тирмизи)
Кыяматта ар ким
Арасат аянтында элүү мавкыфта (жерде) токтотулат. Алар ар бир мавкыфта миң жыл
турушат. (Кадызаде Ахмед Эфенди)
Арасат
аянтында машаккат (кыйынчылык) жана азап ичинде калгандар – ыймансыздар менен
фасыктар (күнөөкөрлөр). Алардын жагдайлары өтө коркунучтуу болуп, күн алардын
башына бир чакырымдай жакындайт. Ар бир адам өз күнөөсүнө жараша тердейт. Кээ
бирлери тизесине чейин, кээ бирлери тамагына чейин, кээ бирлери башына чейин
терге батышат. (Имам-и Биргиви)
Кайгы менен өкүнүч жана азап тартуудан,
Бир кусалык көтөрүлөт, Арасат аянтынан,
Эне көзүнүн нуру баласын тааныбайт,
Агасы жанындай жакын инисин издебейт.
(Мавлана
Мухаммед Рабхами)