Мизан


1 - 1. Тараза, өлчөө каражаты.

Аллаху таала Курани каримде мындай деген мааниде буюрат:

...(Шуайб алейхиссалам), Коомуна мындай деди: "Раббибиз тарабынан силерге ачык мужиза келди. Эми, өлчөмдү, мизанды толук кылгыла. Адамдардын акыларын орундап жатканда кемчилик кетирбегиле. (Пайгамбарлар жана аларга багынгандар аркылуу) оңолгон жер жүзүн (күфүр жана куулуктарыңар менен) бузбагыла. Эгер менин сөзүмдү тастыктай турган болсоңор, (ушул буюргандарым) өзүңөр үчүн жакшы.” (Аъраф сүрөсү, 85)

Шуайб алейхиссалам эйке (мадиян) элин чен-өлчөмдү, мизанды кемчиликсиз кылууга, адамдардын укугун сактоого, жер жүзүндө бузукулук кылбоого, Аллаху тааладан коркууга жана такыбаа болууга чакырды. (Фахруддин-и Рази)

2 – Кыямат күнү адамдардын күнөө жана соопторун тарткан жана кандай экени билинбеген тараза.

Аллаху таала Курани каримде мындай деген мааниде буюрат:

Биз Кыямат күнүнө таандык адилет мизандарын орнотобуз. Эми эч ким эч бир нерсе менен адилетсиздикке кабылбайт. (Кылынган амал) сары кычы данынчалык болсо да аны алып келебиз (мизанга койобуз). Эсеп кылуучу катары биз (баарына) жетиштүүбүз. (Анбия сүрөсү, 47)

Эми кимдин (сооп) мизаны оор басса, алар корккон нерселеринен алыс, үмүт кылган нерселерине жеткендердин дал өзүлөрү. Эгер кимдин мизаны жеңил болсо алар өзүлөрүнө зулумдук кылгандар. (Алар) Жаханнамда түбөлүктүү калышат. (Муминун сүрөсү, 102, 103)

Мизанда көркөм ахлактан да оор баса турган эч нерсе жок. (Хадиси шариф-Адеб-ул-Муфрад)

Кыямат күнү бир адам мизанга алынып келинет. Андан кийин ар биринин чоңдугу көзгө көрүнгөндөй узундукта болгон токсон тогуз амал дептери алынып келинет. Бул дептерлерде ал адамдын жакшылык менен жамандыктары жазылган болот. Күнөөсү сообунан көбүрөөк болуп, Жаханнамга жиберилет. Жаханнамга бара жатканда Аллаху тааладан бир үн угулат: "Шашпагыла. Анын тартылбаган бир нерсеси бар”, - дейт. Баш бармактын учундай болгон бир нерсе алынып келинет. Анын үстүндө "Ла илааха иллаллах Мухаммадун Расулуллах” деп жазылган болот. Сооп тарабына коюлат. Ошентип, сообу күнөөсүнөн оор басат жана Жаннатка барууга буюрулат. (Хадиси шариф-Ахлак-ул Улама)

Жакшы амалдар кооз көрүнүштөрдө, жаман амалдар болсо жаман кийимдерде келет жана таразага коюлат. (Ибн-и Аббас) 

Өмүр түгөнүп, дептер жабылат,

Сырат Көпүрөсү, мизан курулат,

Хактын даргейинде албетте турулат,

Буйругу аткарылат, жардык күтүлбөйт.

(Азиз Махмуд Худайи)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш