Жактырган
нерселерди көргөндө айтыла турган "Бул Аллаху таала каалаган жана ихсан кылган
нерсе” деген маанидеги куттуу сөз.
Назары
(көзү) тийген адам, ал тургай ар бир адам өзүнө жаккан кандайдыр бир нерсени
көргөндө "маашааллах” деп айтууга тийиш, андан кийин сүйлөөгө тийиш. Эгер алгач
"маашаллах” деп айтылса, көз тийбейт. Назар тийүүсү чындык. Башкача айтканда,
көз тийүү деген нерсе бар нерсе. Кээ бирөөлөр бир нерсени карап, жактырган
кезде көздөрүнөн чыккан шоола зыяндуу болуп, жандуу-жансыз бардык нерселердин
бузулушуна себеп болот. Буга мисалдар өтө көп. Дүнүйөлүк илимдер балким бир
кунү бул шоолаларды жана алардын таасирлерин түшүнө алат. (Мевлана
Мухаммед Осман)