Тажассус


Адамдардын сыр болуп эсептелген абалдарына, айып жана кемчилигине кызыгып, чоо жайын изилдеп-билүүгө аракет кылуу. 

Аллаху таала аяти каримада мындай мааниде буюрат: 

Эй, ыйман келтиргендер! Күмөндүн көбүнөн сактангыла! Анткени, кээ бир күмөндөр күнөө. Тажассус кылбагыла (аңдыбагыла). Бириңер экинчиңерди кыйбат кылбасын. (Хужурат сүрөсү, 12) 

Суи зан кылбагыла (жаман күмөндө болбогула). Суи зан жаңылыш чечим чыгарууга себеп болот. Тажассус кылбагыла. Талашып-тартышпагыла, бири-бириңерди аркаңардан ушактабагыла, бири-бириңерди бир туугандай сүйгүлө. Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ага зулумдук кылбайт, жардам берет. Аны өзүнөн төмөн санабайт. (Хадиси шариф-Барика) 

Тажассу кылуу арам. (Мухаммед Хадими) 

Бир адамдын өзү муктаж болгон мал-мүлктү тапкандан кийин артыкча иштебей ибадат кылуусу жаиз. Ошол себептен иштебестен ибадат кылган адамга суи зан кылбоо (жаман ойдо болбоо) керек жана тажассус кылбоо керек. Экөө тең арам. Бирок, иштебей мечитте отуруп, Аллаху таалага тобокел кылуудамын деген адамга да алданбоо керек. Бул адам эмгекти таштаганы үчүн күнөө кылууда. (Абдулгани Наблуси)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш