Далалат


1-Ишаарат кылуу, көрсөтүү. Туура жолду көрсөтүү.

Аллаху таала Курани каримде мындай деген мааниде буюрат:

Эй, ыйман келтиргендер! Силерди жан ооруткан азаптан сактай турган бир сооданы көрсөтөйүнбү? Аллаху таалага жана Расулуну ыйман келтиргиле, ишенгиле, мал-мүлкүнөр жана жандарыңар менен Аллахтын жолунда күрөшкүлө. Эгер билсеңер бул силер үчүн өтө кайырлуу. (Саф сүрөсү, 10-11)

Жакшылыкка далалат кылган адам ал жакшылыкты кылгандай болот. (Хадиси шариф-Кашфул-Хафа)

2-Бир сөздүн бир маанини (түшүнүктү) билдирүүсү, көрсөтүүсү.

Диний маалыматтардын далилдери (булактары) төртөө: Биринчиси, субуту (барлыгы) жана далалаты анык болгондор. Ачык түшүнүлгөн аяттар менен таватур, сөз бирдиги менен билдирилген ачык түшүнүлгөн хадистер мына ушундай. Экинчиси, субуту анык болгон жана далалаты занни болгондор (анык болбогондор). Мааниси так түшүнүлбөгөн аяттар мына ушундай. Үчүнчүсү, субуту занни жана далалаты анык болгондор. Жалгыз бир сахаба (Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын досу) билдирген ачык жана түшүнүктүү хадистер мына ушундай. Төртүнчүсү, субуту да, далалаты да занни. Жалгыз бир сахаба тарабынан билдирилген ачык түшүнүлбөгөн хадистер мына ушундай. Биринчиси парз жана арамдарды, экинчиси менен үчүнчүсү важиб жана тахриман макрухту (арамга жакын макрухту), төртүнчүсү сүннөт жана мустахабды билдирет. (Молла Хусрав-Сарахси-Хадими)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш