Фесад


Бузуктук, башаламандык, фитна, анархия.

Аллаху таала аяти каримада мындай мааниде буюурат:

Аллахка жана Анын Пайгамбарына каршы согушкандардын жана жер бетинде фесад (бузукулук) чыгарууга аракет кылгандардын жазасы – бир гана өлтүрүлүү же асып өлтүрүлүү же колдору менен буттарынын каршы-терши кылып (оң кол, сол бут же сол кол, оң бут) кесилүүсү же мекен туткан жерден сүргүн кылынуу. Бул жаза алар үчүн дүнүйөдө шерменделик. Акыретте болсо алар үчүн чоң азап бар. (Маида сүрөсү, 33)

Фитна, фесад көбөйгөн бир мезгилде ибадат кылуу – хижрат кылып менин алдыма келүү сыяктуу. (Хадиси шариф-Мектубати Раббани)

Үммөтүмдүн арасында фесад жайылган кезде сүннөтүмө жармашкан адамга жүз шейиттин сообу бар. (Хадиси шариф-Хадика)

Адамзаттын мейкиндигин курчап алган фесад караңгылыгы дайыма ширктин, ыймансыздыктын жана жек көрүүчүлүктүн бир натыйжасы. (Абдулхаким Арваси)

Фитна жана фесад учурунда Ислам динин кармануу капырлар менен согушуу сыяктуу. (А. Наблуси)

Фесаддардын башы – Ислам динин карманбоо. (Имам Раббани)

Элдин кылар ишинин баары фесад болгондо жамандар аларга башчы болот. (Аъмеш)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш