Мужтахид (Курани каримден жана хадиси шарифтерден диний маалыматтарды ала
алган) аалымдардын кандайдыр бир иштин өкүмүн билдирген сөзү, башкача айтканда,
рейи (ой-пикири, көз карашы), ижтихады.
Бешим намазынын убактысы завалдан, башкача айтканда, бардык нерсенин
көлөкөсү эң кыска болгондон баштап өз боюна барабар же андан эки эсе узун
болгонго чейин уланат. Биринчиси Имамейндин (Имам Абу Юсуф менен Имам
Мухаммеддин) кавли, экинчиси Имам Азамдын кавли. Азыр аср намазынын азандары
Имамейндин кавлына ылайык окулууда. (М. Сыддык бин Саид)