Папа


Католик мазхабына таандык христиандардын эң жогорку руханий (диний) лидери. "Аталардын атасы” деген маанини билдирген папа Римде жайгашкан. Иса алейхиссаламдын динин жайылтуу үчүн тандаган он эки хавариден муртад болгон (динден кайткан) Яхуда (Иуда) биринчи папа катары кабыл алынат. Ошол эле учурда Римдин епискобу болгон папа тарабынан чыгарылган чечимдер жаңылбас деп ишенилет. Папа кардиналдар жыйыны тарабынан шайланат.

Бугүнкү күндө папа Ватикан сарайында бир өкүмдар (монарх) сыяктуу иш алып барат. Пападагы бул укуктун таанылышы 1870-жылы Италия союзу түптөлүп, Рим каратылгандан кийин болгон. Папалардын христиан мамлекеттериндеги саясий бийлиги жоюлганы менен, алардын коомчулукка жана чиркөөнүн атынан салык чогултууга тийгизген таасирлери уланууда. Люкс жашоо өткөргөн папа менен папалыктын чыгымдары христиан элинен чогултулган чиркөө салыгы менен жабылууда. (Йени Рехбер Энциклопедиясы)

Орто кылымдарда христиандык дини папалардын оюнчугуна айланган. Папалар өздөрү каалабаган ар бир адамды динден чыгарып, каалаганын кечирип, акчага Бейиштен жерлерди сатышчу. Инквизиция сотторунда миңдеген адамдарды динден чыгаргандан кийина кыйнап өлтүртүшчү.

Папалар өз бийлигин бекемдөө жана байлыгын көбөйтүү үчүн акылга сыйбаган ыкмаларды колдонушкан. Галилео, Коперник жана Ньютон Ислам аалымдары жазган китептерден дүнүйөнүн тегеренип жатканын үйрөнүп айтып чыгышканда бул сөздөр кылмыш катары кабыл алынды. Галилео папа тарабынан динден чыгарылды. (Харпутлу Исхак Эфенди)

Христиандар Исавилик (Насраниййат) дининин негизин өзгөртүштү. Алар папаны күнөөсүз деп кабыл алышты. Папаларга күнөөлөрдү кечирүү сыяктуу укуктарды беришти. Адамдар күнөөкөр болуп төрөлөт деп ишеништи. Таслис, башкача айтканда, үч кудайдан турган системаны кабыл алышты. Үч кудай ишенимине каршы чыккан папалар болду. Мисалы, папа Гонориус эч качан үч кудай системасы болгон таслисти кабыл албагандыктан өлгөндөн кийин кырк сегиз жыл өтүп Стамбулда чогулган Синод (руханий жыйын) тарабынан расмий түрдө каргышка алынды. (Ал-Хаж Абдуллах бин Дастан Мустафа)

Папалардын арасынан өтө коркунучтуу кылмышкерлер чыкты. Алардын бири болгон папа Боржия душмандарын жана алардын арасындагы дин адамдарын ар кандай уулар менен өлтүрүп, мал-мүлктөрүн тартып алган. Ал ар кандай шермендечиликти жасады. Ал бир тууган карындашы менен эрди-зайыптардай жашады. Мунун баарына карабастан ал ыйык жана күнөөсүз деп эсептелди. (Шамседдин Сами, Йени Рехбер энциклопедиси)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш