Накыл кылынган, бирөөнөн уккан же окуган нерсени билдирген. Иждихад
даражасына көтөрүлбөгөн, бир гана мужтахид (Курани каримден жана хадиси
шарифтерден өкүм чыгара алуу даражасына көтөрүлгөн) аалымдар берген фатваларды
(диний суроолорго берген жоопторду) накыл кылган аалым.
Фиких усулу аалымдарына ылайык муфтийдин (фатва берген адамдын) мужтахид
болушу зарыл. Мужтахид болбостон, мукалид болгон (бир мужтахидди ээрчиген,
уйган) бир аалымдын муфтий деп айтылуусу каймана мааниде, чыныгы мааниде эмес.
Алар наакыл. Наакылдар фатваларды белгилүү фиких китептеринен алышат. Бул
китептер белгилүү болгон мутаватыр кабарлар сыяктуу кадырлуу. (Ибни
Абидин)