Муфтий


Фатва берүүчү.

1. Облус жана райондордо дин иштерди көзөмөлдөгөн, Ислам аалымдары кандайдыр бир диний маселе боюнча берген өкүмдөрдү, тагыраагы, фатваны элдерге жеткирүүчү адам, накыл кылуучу кызматкер.

Көп нерселерде адат насс (Курани карим жана хадиси шарифтердин өкүмдөрү) сыяктуу. Эгер бир иштин кандай кылына тургандыгы насс менен билдирилбеген болсо, мужтахиддердин ижтихаддары менен, тагыраагы, диний маселеде берген өкүмү менен кылынат. Эгер бир маселеде ар кандай ижтихаддар бар болсо муфтий алардын арасынан заманга, каада-салтка ылайыктуу жана ыңгайлуу болгонун тандайт. Заманга, каада-салтка уйуу деген ушул. Болбосо, диндин буйруктарын өзгөртүү, ибадаттарды таштап, арам иштерди кылуу дегенди билдирбейт. (Сеййид Абдулхаким Арваси)

Эгер муфтий ижтихад кылууга компетенттүү болбосо Ислам аалымдары өз китептеринде түшүндүргөн маалыматтарды накыл кылып, элге жеткирүүдөн башка укукка ээ эмес. (Муфтий Махмуд Эфенди)

Мужтахид эмес муфтийлердин аят жана хадистерден кандайдыр бир өкүм чыгарууга укугу жок. Анткени, аят жана хадистерден өкүм чыгара алуу үчүн мужтахид болуу шарт. (Ибни Абидин)

Фасыктын (ашкере күнөө кылгандын) муфтий болушу туура эмес. Ал берген фатваларга ишенүүгө болбойт. Анткени, фатва берүү диний иштердин бири. Диний иштерде фасыктын сөзү кабыл алынбайт. Бул төрт мазхабда тең ушундай. Мындай муфтийлерден бир нерсе суроо жаиз эмес. Муфтийдин мусулман жана акылдуу болушу да сөз бирдиги менен шарт. (Ибн-и Абидин)

2. Фатва берүүчү, башкача айтканда, кандайдыр бир нерсенин Исламга туура келер-келбесин билдирген, Курани карим жана хадиси шарифтерден түз өкүм чыгарган адам, Аллаху тааланын буйрук жана тыюуларын, башкача айтканда, Ислам динин билдирүүчү аалым.

Муфтийдин мужтахид (диний өкүм чыгаруу даражасына жеткен аалым) болушу важиб (керек). Абсолюттук мужтахид (Курани карим жана хадиси шарифтерден өкүм, маанини чыгара алган динде мужтахид аалым) болбогон муфтийдин фатва (диний өкүм, чечим) чыгаруусу арам. Мындай муфтийлердин мужтахиддердин фатваларын накыл кылуусу жаиз. Мужтахид эмес муфтийден жаңы фатва талап кылуу жаиз эмес. (Махмуд бин Абдулгайюр Пишавури)

Негизи муфтий мужтахид. Эгер мужтахид эмес да, мужтахиддердин сөздөрүн накыл кылса ал киши муфтий эмес. (Фатава-и Хиндиййа)

Бардык Ислам аалымдары бир добуштан билдиргендей, муфтийлер сөзсүз ижтихад адамы, башкача айтканда, Курани карим жана хадиси шарифтерден өкүм, маанини чыгарууга компетенттүү, укуктуу болууга тийиш. (Казы Захиреддин Бухари)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш