Кандайдыр бир
иштин динге (Исламга) туура келер-келбеси тууралуу муфтий тарабынан берилген
жооп.
Колуңду көкүрөгүңө кой! Адал нерселерде жүрөк тынч болот. Арам нерселерде
жүрөктүн дүпүлдөшү болот. Эгер күмөн-шекке кабылсаң анда кылба! Дин адамдары
фатва беришсе да кылба! (Хадиси шариф-Мектубат-и
Масумиййа)
Эгер бир адамга жахилдик менен фатва берилсе мунун күнөөсү фатва берген
адамга таандык болот. (Хадиси шариф-Ибни Маажа)
Фатва берүүчү
аалым муфтий деп аталат. Муфтий мужтахид (Курани карим жана хадиси шарифтерден
өкүм чыгара алган аалым) болушу зарыл. Андай болбогон адам муфтий эмес, фатваны
накыл кылуучу деп аталат. Алар фатваларды белгилүү фиких китептеринен алып,
мужтахиддердин сөздөрүн билдиришет. (Ибни Хумам)
Фиких
китептерине туура келбеген фатвалар жаңылыш. Аларга баш ийилбейт. (Абдуррахман
Силхати)
Дин
илиминде сүйлөгөн адам эгер Аллаху таала андан "Менин динимде сен кантип фатва
бердиң, кантип сөз сүйлөдүң?” деп суралбайт деп ойлосо динде шалаакылык кылган
болот. (Имам Азам Абу Ханифа)
Жетимиш имам
(аалым) күбөлүк кылбай туруп фатва бере баштаган жокмун. (Имам Малик)
Дин жана дүнүйө
иштеринде билбестен фатва берген адамга периштелер каргыш айтышат. (Хадими)