Жахил


1-Аллаху тааланы унуткан, гафил, түркөй, караңгы, наадан, билимсиз. Аллаху таала Курани каримде мындай деген мааниде буюрат:

Жахилдер, акмактар дүнүйөдөгү зоок жана лаззаттарына жетүү үчүн диндерин, ыймандарын беришти. Акыреттерин сатып, дүнүйөнү, кумарлары каалаган нерселерди алышты. Кутулуш жолун таштап, кыйроого жүгүрүштү. Алар бул алыш-бериштеринде эч эч кандай пайда табышкан жок. Алар соода жана пайда табуу жолун билишкен жок. Чоң зыянга учурашты. (Бакара сүрөсү, 16)

Өзүн аалым деп айткан адам жахил. (Хадиси шариф-Кашф-ул-Хафа)

Аалымдын уйкусу жахилдин ибадатынан жакшыраак. (Хадиси шариф-Барика)

Акыр заманда ибадат кылчулардын көбү дин жахили болот. (Хадиси шариф-Барика)

Акыл жетпеген жана жаңылган нерселерде акылга баш ийип, туура жолдон адашкан жахилдерди даанышман, философ жана аалым деп ойлогон, аларды туураган, жалган-жаңылыш сөздөрүн даанышмандык, илим деп ойлоп, аларга ишенген адамдар балээге кабылышат. (Имам Раббани) 

2-Илими менен амал кылбаган.

Канчалык көп окусаң да, канчалык көп үйрөнсөң да, канчалык көп маалыматка ээ болсоң да аны менен амал кылмайынча жахилсиң. (Сади Ширази)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш