Ислам дини » Терминдер » Иншааллах




Иншааллах


Дайыма Аллаху тааланын атын эстөөгө көнүү жана "Аллаху таала кааласа болот” деген маанидеги бардык иштерин Аллаху тааланын каалоосуна тапшыруу үчүн айтылуучу сөз.

Курани каримде мындай деген мааниде айтылат:

Бир нерсени эртең жасоого белсенген, чечим чыгарган кезиңде аны эртең жасайм дебе, Иншааллах эртең жасайм де! (Кахф сүрөсү, 23-24)

Эй, момундар! Албетте, келерки жылы, иншааллах, Масжид-и Харамга киресиңер. (Фатх сүрөсү, 27)

Аллаху таала алардын Масжид-и Харамга кирүүсүн каалады жана муну билчү. Бирок, пенделерине үйрөтүү үчүн иншааллах деп буюрган. Чындыгында, Пайгамбарыбыз дагы (саллаллаху алейхи васаллам) мазардагыларга жете турганын так билишине карабастан көрүстөндүн жанына келгенде: "Ассаламу алейкум йа ахла дар-ил-кавмил-муминин ва инна иншааллаху ан карибин бикум лахыкун: Эй, момундар өлкөсү! Силерге салам болсун. Иншааллах, биз да силерге жакында жетебиз” деп, Аллахтын буйругуна баш ийип, иншааллах деген болчу. (Имам-и Газали)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш