Моюн
сунуу, кичи пейилдик, карапайымдык. Жүрөктө туруктуу болгон Аллахтан коркуу
абалы. Аллаху таалага баш ийүү, моюн сунуу.
Намаздын
кемчиликсиз, толук болушу – диний өкүмдөрдү билдирген фиких китептеринде кеңири
жазылган парздарын, важибдерин, сүннөттөрүн жана мустахабтарын орундоо менен
болот. Намазды толуктоо үчүн ушул төрт нерседен башка кылына турган эч нерсе
жок. Намазда хушуъ, башкача айтканда, ар бир дене мүчөсүнүн тавадуъ (кичи
пейилдик) кылуусу ушул төрт нерсени кылуу менен ишке ашат. Жүрөктүн худуъсу
болсо ушул нерселерди толук кылуу менен ишке ашат. (Ахмед Фаруки)