Ислам дини » Терминдер » Кавсар сүрөсү




Кавсар сүрөсү


Курани каримдин жүз сегизинчи сүрөсү.

Кавсар сүрөөсү Меккеде түшүрүлгөн. Ал үч аяти каримадан турат. Пайгамбарыбыз алейхиссаламга ихсан кылынган Кавсарды билдиргендиктен, сүрө ушул ат менен аталган. Эркек балдары тирүү калбагандыктан Пайгамбарыбыз алейхиссаламга меккелик мушриктер арты үзүлгөн деген мааниде "абтар” дешкен эле. Натыйжада, Аллаху таала Кавсар сүрөсү менен аларга жооп берди. (Сави, Табери, Рази)

Аллаху таала Кавсар сүрөсүндө мындай мааниде айтат:

(Хабибим!) чынында биз сага Кавсарды бердик. Андыктан Раббиң үчүн намаз оку жана курмандык чал. Албетте, сени айыптаган адамдын өзүнүн арты үзүлгөн жана бардык жакшылыктардан куру калган. (Аят: 1-3)

Кимде-ким Кавсар сүрөсүн окуса Аллаху таала ага Бейиш дарыяларынан суу ичирет. (Хадиси шариф-Казы Бейдави Тафсири)

Кимде-ким жатаарда Кавсар сүрөсүн окуса, анадан кийин: "Йа, Рабби! Мени багымдат намазына өз убагында ойгото көр”, - десе, Аллаху тааланын уруксаты менен ал адам багымдат намазына ойгонот. (Кутбуддин Изники)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш