Ислам дини » Терминдер » Кунут дубасы




Кунут дубасы


Баш ийүү, ибадат. Ханафи мазхабында витир намазынын үчүнчү рекетинде замм (кошумча) сүрө окулгандан кийин, Шафии мазхабында багымдат намазынын парзынын экинчи рекетинде рукудан тургандан кийин жана Рамазани шариф айынын жарымынан кийин витир намазынын үчүнчү рекетинде рукудан тургандан кийин окулуучу дуба.

Расулуллах алейхиссаламдын доорундагы Биър-и Мауна окуясында сахаба-и кирамдан (Пайгамбарыбыздын сукбатында жетилген ардактуу досторунан) жетимиш курра (хафиз) Амир уулдарынын башчысы Абу Бера Амир бин Маликтин жээни Амир бин Туфайл жана анын кишилери тарабынан шейит кылынган эле. Пайгамбарыбыз алейхиссалам бул окуяга абдан капа болду. Бул аянычтуу окуяга себеп болгон уруулардын балээлери үчүн бир ай бою багымдат намазында ошол мушриктерге каршы дуба кылды. Кунут дубасынын башталышы мына ушул. Ага чейин кунут окулчу эмес. (Имам Бухари)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш