Ислам дини » Терминдер » Кафирун сүрөсү




Кафирун сүрөсү


Курани каримдин жүз тогузунчу сүрөсү.

Кафирун сүрөсү Меккеде түшүрүлгөн. Ал алты аяти каримадан турат. Капырлар тууралуу айтылгандыктан сүрө ушинтип аталган. (Табари, Рази)

Аллаху таала Кафирун сүрөсүндө мындай мааниде айтат:

(Хабибим! Аларга) мындай де: "Эй, капырлар! Мен силер сыйынган нерселерге (буттарга) сыйынбайм. Силер да мен ибадат кылып жаткан (Аллахка) ибадат кылуучулар эмессиңер. Мен силер сыйынган нерселерге (эч качан) сыйынган эмесмин. Силер да мен кулчулук кылып жатканга (эч качан) кулчулук кылуучулардан эмессиңер. Силердин диниңер силерге, меники мага.” (Аят: 1-6)

Кимде-ким каалаган бир түнү Кафирун сүрөсүн окуса өтө кайырлуу жана өтө жакшы иш жасаган болот. (Хадиси шариф-Мусаннаф)

Кимде-ким Кафирун сүрөсүн окуса ага Курани каримдин төрттөн бир бөлүгүн окугандай сооп берилет. (Хадиси шариф-Тирмизи)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш