Ислам дини » Терминдер » Хадис аалымы




Хадис аалымы


Үч жүз миңден көп хадиси шарифти равилери (риваят кылгандары, накыл кылгандары) менен бирге билген улуу хадис аалымы. Бул хадис мужтахиди деп дагы аталат.

Хадис имамдарынын эң улууларынын бири болгон Имам Бухари риваят кылган (накыл кылган) бир хадиси шариф төмөнкүдөй:

"Мусулман башка мусулмандын (дин) боордошу. Мусулман өз боордошуна зулумдук кылбайт жана аны душмандын колуна берип койбойт (аны коргойт). Кимде-ким мусулман боордошуна жардам берсе жана анын муктаждыгын камсыз кылса Аллах дагы ага жардам берет. Кимде-ким бир мусулмандын кыйынчылыктарынын бирин кетирсе Аллаху таала анын акыбетинде (жообу катары) андан Кыяматтын кыйынчылыктарынын бирин кетирет. Кимде-ким бир мусулмандын айыбын жапса Аллаху таала акыретте анын айыбын жана күнөөлөрүн жабат.”

Хадис имамдарынын бири Имам Муслим риваят кылган бир хадиси шариф болсо төмөнкүдөй:

Кайсыдыр бир мусулманга чарчоо, оору, ой-санаа, кайгы, азап, тикенек сайылууга чейин эмне гана келбесин, Аллаху таала буларды ошол мусулмандын каталарына каффарат кылат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш