Фажир


1. Ашкере күнөө кылуучу адам, арам жана күнөөгө баткан адам. Фасык

Аллаху таала Курани каримде мындай мааниде айтат:

Кыямат күнү көптөгөн жүздөр бар болуп (дүнүйө жашоосунда түндөрдү ибадат менен өткөрүү жана алынган даараттардын себеби менен), кынтыксыз жаркырайт, (өздөрү ээ болгон нематтардан улам) күлүмсүрөшөт жана сүйүнүшөт (булар момундар). Нечелеген жүздөрдү болсо ошол күнү чаң-топурак, караңгы жана каралык каптайт. Мына ушулар капырлар жана фажирлер. (Абаса сүрөсү, 38-42)

Соодагерлер менен базарчылардын көбү фажирлер. Алыш-бериштери халал болбойт. Анткени, алар көп ант берип күнөөгө батышат жана калп айтышат. (Хадиси шариф-Кимйа-и Саадат, Заважир)

Аллаху таала бул динди фажир адамдар менен дагы албетте кубаттандырат. (Хадиси шариф-Мектубат-и Раббани)

Аалымдардын дүнүйөнү жакшы көрүүсү жана ага берилүүсү алардын сулуу жүздөрүнө кара так сыяктуу. Мындай илим ээлеринин адамдарга пайдасы болгону менен, өздөрүнө пайдасы болбойт. Динди кубаттандыруу, Ислам динин жайылтуу сыймыгы буларга таандык болгону менен, кээде капыр жана фажир дагы бул ишти кылат. (Имам Раббани)

2. Капыр.

Курани каримде мындай мааниде айтылган:

Фажирлердин амал дептерлери Сижжин деп аталган жерде. (Мутаффифин сүрөсү, 7)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш