Исйан


Каршы чыгуу, баш көтөрүү, күнөөкөр болуу.

Аллаху таала Курани каримде мындай мааниде айтат:

Бирок, Аллаху таала силерге ыйманды жакшы көргөздү жана аны менен жүрөгүңөрдү кооздоду. Күфүрдү, фыскты жана исйанды болсо силерге жаман көргөздү. Туура жолдогу кишилер мына ушулар. (Хужурат сүрөсү, 7)

Эгер адам баласы сажда аятын окуп сажда кылса шайтан ыйлап алыстайт жана: "Мага өкүнүчтөр болсун, адам баласы сажда кылууга милдеттендирилди жана дароо сажда кылды. Ушул себептен Бейиш аныкы. Мен дагы сажда кылууга буюрулдум. Бирок, мен исйан кылдым. Ушул себептен Тозок да меники”, - дейт. (Хадиси шариф-Муслим)

Эне-атага жакшылык жана кызмат кылгандардын өмүрү берекелүү жана узак болот. Эне-атасына исйан кылгандардын өмүрү берекесиз жана кыска болот. Эне-атасына исйан кылган адам малъун.” (Хадиси шариф-Мифтах-ул-Жанна)

Бир киши атактуу олуялардын бири Ибрахим Адхам хазреттеринен насаат сураганда мындай деди: "Эгер ушул алты нерсени кабыл асаң эч бир ишиңдин сага зыяны тийбейт.

1- Күнөө кыла турган кезиңде Аллаху таала берген ырыскыны жебе! Анын ырыскысын жеп, Ага исйан кылуу туура болобу? 

2- Эгер Ага күнөөкөр болгуң келсе Анын мүлкүнөн чык! Анын мүлкүндө болуп, Ага исйан кылуу ылайыкуу болобу? 

3- Эгер Ага исйан кылгың келсе Ал көргөн жерде кылба! Ал көрбөгөн жерде кыл! Анын мүлкүндө болуп, ырыскысын жеп, Ал көргөн жерде күнөө кылуу туура болобу?

4- Жан алуучу периште рухуңду алганы келгенде тообо кыла турганчалык уруксат сура. Ал периштени кууп сала албайсың. Күчүң бар кезде ал келе электе тообо кылып кал! Ал болсо - мына ушул убакыт. Анткени, өлүм периштеси капысынан келет.

5- Кабырда Мункар жана Накир аттуу эки периште келгенде аларды кууп сал, сени сынашпасын! Андан кийин ал киши: "Бул мүмкүн эмес”, - деди. Ибрахим Адхам: "Андай болсо, азыртадан ага жооп даярда!” – деди.

6- Кыямат күнү Аллаху таала: "Күнөөкөрлөр Жаханнамга барсын!” – деп буйрук бергенде мен барбайм деп айт. Андан кийин ал киши: "Менин сөзүмдү угушпайт”, - деди. Ошондо ал киши тообо кылып, акыркы демине чейин тообосунан баш тартпады. (Сеййид Абдулхаким Арваси)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш