Ислам дини » Терминдер » Аллах (жалла жалалуху)




Аллах (жалла жалалуху)


Асма-и хуснадан. Барлыгы (бар болушу) абсолюттук зарыл болгон, ыйман келтириле турган жана ибадат кылына турган чыныгы мабуд (кудай). Бардык нерсени жоктон жараткан улуу Жаратуучу.

Аллаху таала заты менен бар. Анын бар болушу өзү менен. Азыр бар болгондой эле дайым бар жана дайым бар болот. Барлыгынын алдында да, аягында да жоктук болушу мүмкүн эмес. Анткени, анын барлыгы зарыл. (Тафтазани)

Аллаху таала зат (материя) эмес. Объект эмес (элемент эмес. Аралашма же кошулма эмес). Саналуу эмес. Өлчөнбөйт. Эсептелбейт. Анда эч кандай өзгөрүү болбойт. Белгилүү мекенге ээ эмес. Бир жерде эмес. Убактылуу эмес. Оболу, кийини, алды, арты, өйдөсү-ылдыйы, оңу-солу жок. Адамдын ой-пикири, адамдын билими, адамдын акыл-эси Анын эч нерсесин түшүнө албайт. (Мевлана Халид Багдади)

Бардык макулуктардын ар бир органынын, ар клетканын жаратуучусу, жоктон бар кылуучусу бир гана Аллаху таала. Ал акылга, ойго келген нерселердин баарынан алыс. Эч бири Ал эмес. Бирок, Курани каримде өзү түшүндүргөн сыпаттарын, ысымдарын жаттап, улухиятын (кудайлыгын), улуулугун ушулар аркылуу тастыктоо, билдирүү керек жана айтуу керек. Акылдуу жана балагатка жеткен ар бир мусулман эркек менен аял ар бир мусулман Аллаху тааланын Затий жана Субутий сыпаттарын туура үйрөнүүгө жана ишенүүгө тийиш. Ар бир адамга алгач парз болгон нерсе ушул. Билбөө үзүр (шылтоо) эмес, чоң күнөө. (Кемахлы Файзуллах Эфенди)

Аллаху тааланын карама-каршысы, тескериси, окшошу, шериги, жардамчысы, коргоочусу жок. Энеси, атасы, уулу, кызы, аялы жок. Христиандар Аллаху тааланы ата дешет. Аллаху тааланы "ата” же "Аллах ата” дегендин ыйманы кетет. Мусулмандыктан чыгат. (Кемахлы Файзуллах Эфенди)

Аллаху тааланы Ислам дини билдирген ысымдар менен эскерүү, айтуу керек. Аллах деген ысымдын ордуна теңир деген сөздү колдонууга болбойт. Анткени, теңир илах, мабуд дегенди билдирет. (Башка тилдердеги Dieu, Gott жана God деген сөздөр да илах, мабуд маанисинде колдонулушу мүмкүн.) Аллах деген ысымдын ордуна колдонууга болбойт. (Сеййид Шариф) Жума күнү намаздан мурун даараттуу, кийими таза жана жүрөгүнөн дүнүйөлүк ойлорду чыгарган абалда эки жүз жолу "Йа Аллаху ал-махмуду фи фиалихи” деп айтса, Аллаху таала анын оорусуна шыпаа берет. (Юсуф Набхани)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш