Курани
каримдин жүз үчүнчү сүрөсү.
Аср
сүрөсү Мекке-и мукаррамада назил болду (түштү). Үч аяттан турат. Сүрөдө
адамдардын зыянда экендиги, бул жаман абалдан кимдердин кутула тургандыгы
тууралуу кабар берилүүдө. (Табери, Ибни Аббас)
Аср
сүрөсүнүн маанисинде айтылат:
Асрга ант болсун, сөзсүз адам (өмүрүн
бир гана өткүнчү дүнүйөлүк иштерге жетүү үчүн короткондуктан) чоң (залал
жана) зыянда. Ал эми бир гана ыйман келтиргендер менен салих (жакшы
иштерди) амалды жасагандар, бири-бирине хакты (ишенилүүсү
жана аткарылуусу керек болгон нерселерди жана ибадаттарды кылуу , күнөөлөрдөн
сактануу маселесинде) сабырды сунуштагандар андай эмес (алар
залалда жана зыянда эмес). (Аят 1-3)
Кимде-ким Аср сүрөсүн окуса, Аллаху таала анын күнөөлөрүн кечирет.
Хакты жана сабырдуулукту сунуштагандардан болот. (Хадиси шариф-Анвар-ут-Танзил ва Асрар-ут-Тавил)
Эгер
Курани каримде башка бир да сүрө назил болбогондо, түшпөгөндө, ушул өтө кыска
сүрө болгон Аср сүрөсү дагы адамдардын дүнүйө жана акырет саадаттарын камсыз
кылуу үчүн жетмек. Бул сүрө Курани каримдин бардык илимдерин камтыйт. (Имам
Шафии)