Аллаху
тааланын Асма-и хуснасынан (сулуу ысымдарынан). Улуулугуна адамдын акылы же эч
бир макулуктун ою жете албаган, акыйкатын эч ким биле албаган зат. Аллаху
тааланын улуулугу биз билген жана көргөн нерселерибиздин улуулугу жана
кичүүлүгү сыяктуу эмес. Бул биздин билимибизден тышкары.
Аллаху
таала Курани каримде мындай мааниде айтат:
Ал (Аллах) Алийй. (Макулуктардын,
жаратылган нерселердин акылы, илими жана түшүнүгү жете албаган
улуулукта.) Азим. (Бакара сүрөсү, 255)
Ал-Азим
ыйык атын айткан адам азап жана кайгыдан кутулат. (Юсуф Набхани)