Ислам дини » Терминдер » Азиз (Ал-Азиз)




Азиз (Ал-Азиз)


1. Аллаху тааланын Асма-и хуснасынан (сулуу ысымдарынан). Ар дайым кадыр-барк жана абийир, шарапат ээси. Үстөм, окшошу жок, чоң-кичине баары Ага катуу муктаж болгон зат.

Аллаху таала Курани каримде мындай мааниде айтат:

Билгиле, Аллаху таала Азиз. Хаким (даанышмандык ээси). (Бакара сүрөсү, 209)

Кимде-ким кырк күн жана ар күнү кырк жолу ал-Азиз куттуу ысымын айтса, Аллаху таала ага жардам берет жана аны үстөм кылат. Макулуктардын эч бирине муктаж болбойт. (Юсуф Набхани)

2- Кадырлуу, урматтуу, шарапаттуу, үстөм, жогору.

Аллаху таала Курани каримде мындай дейт:

Эй, Мухаммед! Айт: Эй, мүлктүн ээси болгон Аллахым! Мүлктү каалаганыңа бересиң, каалаганыңан аласын. Каалаганыңды азиз кыласың, каалаганыңды төмөн кыласың. Хайыр (жакшылык) бир гана сенин колуңда. Чындыгында, Сен бардык нерсеге кадырсың (кудуреттүүсүң). (Ал-и Имран сүрөсү, 26)

Биз залил (төмөн) коом болчубуз. Аллаху таала бизди Ислам менен азиз кылды. Эгер ызатты Аллаху таала бизди азиз кылган нерседен (Исламияттан) башка нерседен издесек Аллаху таала бизди мурункудан да залил кылат (төмөн кылат). (Хазрети Омар)

Аллаху тааланын тыюу жана буйруктарын аткарсаңар азиз, аткарбасаңар шерменде, кор болосуңар. Аллаху таала азиз кылган адамды эч ким төмөн кыла албайт. (Али Рыза)

Эгер Аллаху таала бирөөнү азиз кылууну кааласа ага күнөө кылдырбайт, майда күнөөлөрүн эсептебейт, кечирет. Аны Бейишке киргизет. Илахий жамалын көрүүнү насип кылат. (Абдулхаким Арваси)

Үч нерсе бар болуп, мусулмандарды өтө азиз кылат: 1) Өзүнө зулумдук кылганды кечирүү. 2) Өзүнө бир нерсе бербегенге берүү, жакшылык кылуу. 3) Өзүн издебегендерди издеп, ал-ахыбалдарын суроо. (Жафар Садык)

Дүнүйөдө азиз, акыретте кутулууну каалаган адам тилине ээ болсун. (Жафар Садык)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш