Ислам дини » Терминдер » Фалак сүрөсү




Фалак сүрөсү


Курани каримдин жүз он үчүнчү сүрөсү.

Фалак сүрөсү Медина-и мунавварада назил болду (түштү). Беш аяти каримадан турат. Алгачкы аяти каримада аталган Фалак сөзү сүрөнүн аты болгон. Сүрөдө Аллаху таала көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн, билинген жана билинбеген бардык жаман нерселерден пенделеринин Өзүнө сыйынуусун, ишениле турган жана сыйыныла турган барлыктын Өзү экендигин билдирүүдө. (Санауллах Дехлеви, Ибни Аббас)

Аллаху таала Фалак сүрөсүндө мындай мааниде айтат:

(Йа, Мухаммед!) Өзү жараткан нерселердин жамандыгынан, караңгы каптап кирген учурда түндүн жамандыгынан (сыйкырчылар жиптерге байлаган) түйүндөргө үйлөгөн (дем)дердин (сыйкырчы жана үйлөөчүлөрдүн) жамандыгынан, көралбастын көралбастык кылган кездеги жамандыгынан караңгыны жарган нурдун Раббине сыйынам де! (Аят, 1-5)

Эй, Укба! Фалак сүрөсүн оку. Анткени, сен Аллаху таалага Фалак сүрөсүнөн өткөн сүйкүмдүү жана балиг болгон башка бир сүрөнү окуй албайсың. Мүмкүн болушунча аны көп оку. (Хадиси шариф-Муснад-и Ахмед ибни Ханбал)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш