Курани
каримдин жүз он төртүнчү жана акыркы сүрөсү.
Нас
сүрөсү Медина-и мунавварада назил болду (түштү). Алты аяти каримадан турат.
Адамдардын Аллаху таалага сыйынууларын буюргандыктан Сурат-ун-Нас деп
аталган. (Ибни Аббас)
Аллаху
таала Нас сүрөсүндө мындай мааниде айтат:
(Йа,
Мухаммед!) Адамдардын көкүрөгүнө дайыма азгырык салган жинден
болобу, адамдан (болобу), ал тымызын шайтандын
жамандыгынан адамдардын Раббине, адамдардын падышасына, адамдардын мабудуна
сыйынам де! (Аят, 1-6)
Кимде-ким Фалак менен Нас сүрөлөрүн окуса куду Аллаху таала түшүргөн
китептердин бардыгын окугандай болот. (Хадиси
шариф-Казы Байдави Тафсири)
Нас
сүрөсүн үзгүлтүксүз окууну адатка айланткан адамдын дайыма ден-соолугу чың жана
афиятта болот. Назарга каршы окулса шыпаа табат. (Мухаммед Осман Сахиб)
Акыркы
демин берип жаткан адамга Нас сүрөөсү окулса руху денеден жеңил чыгат. Жатар
алдында окуган адам жин жана шайтандын жамандыгынан кутулат. Азгырыксыз,
коркпой жайлуу уктайт. (Мухаммед Осман Сахиб)