Ислам дини » Терминдер » Таббат сүрөсү




Таббат сүрөсү


Курани каримдин жүз он биринчи сүрөсү.

Таббат сүрөсү Меккеде назил болду (түштү). Беш аяттан турат. Таббат "куурап калсын” деген маанидеги баддуба (каргыш сөз). Сура Абу Лахаб жөнүндө түшкөн. (Ибни Хишам, Ибни Аббас)

Таббат сүрөсүнүн маанисинде айтылат:

Абу Лахабдын эки колу куурап калсын. Куурап да калды (куруду)Ага (атасынан мураска калган) мал-мүлкү да, тапкандары да пайда берген жок. Ал алоолонгон отко кирет, аялы да анын отун көтөргөн абалда, мойнунда эшилген жип да бар болгон абалда. (Аят, 1-5)

Кимде-ким Таббат сүрөөсүн окуса Аллаху таала аны Абу Лахаб менен бир жерде кылбайт деп үмүттөнөм. (Хадиси шариф-Казы Бейдави Тафсири)

Саясатка аралашкан дин адамдарынын бири Хусамеддин Печели өз тафсиринде өзгөчө Таббат сүрөсүнүн иттихадчыларды мактаганын жазат. (М. Сыддык Гүмүш)

Расулуллах алейхиссаламдын мубарек кызы Рукаййа абдан сулуу болчу. Ал Абу Лахабдын уулу Утбага никеленди. Таббат сүрөсү келгенде Утба тойго чейин аны менен ажырашты. Вахий келип, Хазрети Османга никеленди. (Нишанжызада)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш