Курани
каримдин жүз онунчу сүрөсү.
Наср
сүрөсү Меккеде назил болду (түштү). Үч аяти каримадан турат. Пайгамбарыбыз
алейхиссалам нусрат-и илахий менен, Аллаху тааланын жардамы менен менен
сүйүнчүлөнгөнү үчүн сүрө "Сурат-ун-Наср” деп аталды.
Аллаху
таала Наср сүрөсүндө мындай мааниде буюрган:
Качан Аллахтын нусраты жана фатхы келгенде, сен да адамдардын фавж фавж (топ-топ) болуп Аллахтын динине (мусулмандыкка) кире
тургандыктарын көргөндө дароо Раббиңди хамд менен тасбих кыл. Анын кечиримин
сура. Чынында, Ал тооболорду көп кабыл кылуучу. (Аят, 1-3)
Эй, Жубейр, сапарга чыкканда досторуңдун арасында эң жакшы абалда болуп,
кыйынчылыкка кабылбай, ырыскы жагынан ыңгайлуу болууну кааласаң Кафирун, Наср,
Ихлас, Фалак жана Нас сүрөлөрүн оку... (Хадиси
шариф-Металиб)
Наср сүрөөсү Курани каримдин төрттөн бирине барабар. (Хадиси шариф-Тирмизи)
Кимде-ким Наср сүрөөсүн окуса, ага Меккени фатх кылууда Мухаммед (алейхиссалам) менен бирге болгон адамдын сообу берилет. (Хадиси
шариф-Казы Бейдави Тафсири)