Курани
каримдин жүз жетинчи сүрөсү.
Маъун
сүрөсү Мекке-и мукаррамада назил болду (түштү). Жети аяти каримадан турат.
Акыркы аяти каримасындагы Маъун сөзү сүрөнүн аты болгон. Сүрөдө Ислам динин
такзиб кылган (четке каккан) жана Аллаху тааланын буйруктарына каршы чыгуу
менен сараңдык кылгандардын орунсуз иш-аракеттери жөнүндө айтылган. (Ибни
Аббас, Табери)
Аллаху
таала Маъун сүрөсүндө мындай мааниде айтат:
Динди (мусулмандыкты) жалган деп
эсептеген кишини көрдүңбү? Мын жетимди катуу түрткүлөгөн, жакырды
тамактандырууга үгүттөбөгөн киши ал. Мына (ушул
сапаттар менен катар) намаз окуган (мунафык)тарга
убалдар болсун, алар намаздарынан гафил (намаздарын унутушат).
Алар риякарлардын (ишенгендей көрүнгөндөрдүн) дал өзү.
Алар зекетти да беришпейт. (Аят, 1-7)
Кимде-ким Маъун сүрөсүн окуса, эгер зекетин берген болсо, Аллаху таала аны
кечирет. (Хадиси шариф-Казы Бейдави Тафсири)