Аллаху
тааланын Асма-и хуснасынан (сулуу ысымдарынан). Ырыскыны пенделеринин кээ
бирине аз, кээ бирине көп берүүчү, садакаларды кабыл алып, сооп берүүчү. Кээ
биринин рухун кабз кылуучу (алуучу), кээ биринин өмүрүн узартуучу, кээ
бирөөлөрдүн жүрөгүн тарайтып, жакшылыктарга каалабас, ал эми кээ бирөөлөрдүкүн
болсо кеңейтип, жакшылыктарды каалоочу кылуучу.
Эгер
бир адам колдорун ачып ал-Басит ыйык ысымын айтса ырыскысы көбөйөт. Мол
ырыскыга ээ болот. (Юсуф Небхани)