Кандайдыр
бир куралсыз жана шартсыз түрдө жашыруун жана ашкере (ачык) бардык нерсени
көрүүсү деген маанини билдирип, Аллаху тааланын субутий сыпаттарынын бири.
Аллаху
тааланын Басар сыпаты эзелий жана түбөлүктүү. Заты менен каим (түбөлүктүү).
Анын басар сыпаты көздөн, кандайдыр бир куралдан жана жарыктан көз каранды
эмес. Караңгы түндө кара таштын үстүндө басып бараткан кара кумурсканы көрөт.
(Имам Биргиви)