Аллаху
тааланын каар жана газаб сыпаттарынын бири. Азамет, үстөмдүк, улуулук, эч
нерсеге муктаж болбоо.
Аллаху
таала Курани каримде мындай мааниде айтат:
Жер бетиндеги ар бир жандык фаний (жок
болуучу). Ал эми жалал жана икрам ээси болгон Раббиңдин заты түбөлүктүү. Анда
Раббиңердин кайсы нематтарын жалганга чыгара аласыңар? (Рахман
сүрөсү, 26, 27, 28)
Эч кандай күмөн жок, кыямат күнү Аллаху таала: "Кайда менин жалалым үчүн
бири-бирин жакшы көргөндөр? Бүгүн мен аларды аршымдын көлөкөсү астында
көлөкөлөйм...”, - деп буюрат. (Хадиси шариф-Муслим)
Йа
зал-жалали вал-икрамды көп айткыла, аны көп уланта бергиле. (Хадиси
шариф-Тирмизи) Периштелер Аллаху тааланын азамети, жалалы жана улуулугунан
коркушат. Аларга берилген буйруктарды аткаруудан башка иштери жок. (Имам
Раббани)