Акыйдалар (ишенимдер) - акыйда сөзүнүн көптүк түрү. Ислам дининдеги ишенүү
керек болгон нерселер, ыйман илимдери.
Акылдуу жана
балагат жашка толгон (жыныстык жагынан жетилген) эркек жана аялдын биринчи
милдети Ахли сүннөт аалымдары жазган акаид (ишеним) илимдерин үйрөнүү жана
ошолорго ылайык ишенүү болуп саналат. Кыяматта Тозок азабынан кутулуу алардын
билдиргендерине ылайык ишенүүгө байланыштуу. (Имам Раббани)
Ахли сүннөттүн
акаидде (акыйдада) эки мазхабы бар:
1) Матуридийа
мазхабы.
2) Ашарийа
мазхабы.
Биринчисинин
имамы Абу Мансур Матуриди, экинчисинин имамы Абул Хасан Ашари хазреттери. Бул
эки имамдын билдирген ыйман негиздери бирдей болуп, экөөнүн арасында бир гана
түшүндүрүү усулу, башка жагынан алып кароонун туундусу болгон бир-эки жөнөкөй
айымачылык бар. (Ташкөпрүзада)