Арафат


Мекке-и мукаррама калаасынан 25 чакырым түштүк-чыгышында жайгашкан жана ажылык парздарынын бири болгон вакфа жасала турган касиеттүү жердин аталышы. Вакфа – бешим жана асыр намазынан кийин бираз убакыт туруу деген сөз.

Аллаху таала аяти каримада мындай деген: "(Ажылык мезгилинде соода менен) Раббиңерден ырыскы суроодо айып жок. Арафаттан (кайтканда) Машари Харамдын алдында (тахлил жана талбия атып) Аллахты зикир кылгыла, эске алгыла. Ал силерге кандай хидаят кылган болсо, силер да Аны ошондой эске алгыла...” (Бакара сүрөсү 198)

"Арафа күнү Аллаху таала Арафатта вакфа кылгандардан ыраазы болот. Кийин аларды периштелерге сыймык кылып: "Иштерин таштап бул жерде жыйналууларына караганда менден эмнени каалашат экен булар?” – дейт.” (Хадиси шариф - Муслим)

Ажылык парздардын бири – арафа күнү Арафаттын "Вади-йи Уране” деген жеринен башка жерлеринде да бешим жана асыр намаздарынан кийин бираз убакыт вакфада туруу болуп саналат. Арафа күнү же түнү Арафатта болбогон же Арафаттан өтпөгөн адам ажы болбойт. (Ибн Абидин-Мавкуфат)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз өмүрүнүн акырына жакын белгилүү веда (коштошуу) хутбасын Арафатта окуду. Адам алейхиссалам менен Хавва энебиз Жаннаттан чыгып жер жүзүнө түшкөндө Арафат тоосунда кездешти. Бир рываят боюнча бул жер ушул себептен кездешүү, жолугушуу маанисинде Арафат деп аталган. (Зеркани)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш