Ариф


Билген, тааныган, кеменгер аалым, илим жана ирфан ээси.

1- Аллаху тааланын ыраазылыгына ээ болгон, Андан башкаларга болгон сүйүүнү көңүлүнөн чыгарган, тасаввуфта жетилген, кемелдикке жеткен олуя киши. Арифи биллахи деп дагы аталат.

"Бардык нерсенин булагы бар. Такваанын (Аллаху тааладан коркуп, харамдардан, күнөөлөрдөн сактануунун) булагы арифтердин көңүлдөрү.” (Хадиси шариф – Кунуз-ул-Хакаик)

Ариф болгон адамдын белгиси унчукпоо, тафаккуру (Аллаху тааланын улуулугун ойлоосу), көргөндөрүнөн өрнөк алуусу жана Аллаху таала ыраазы болгон (жактырган) нерселерди каалоосу. (Сулайман бин Жеза)

Расулуллах алейхиссаламдын сүннөтүн таштап койгон адамды жана Андан келген адептерге кайдыгерлик көрсөткөн адамды ариф деп ойлобо. (Жунайди Багдади)

Ариф адам боштон бошко сүйлөбөйт. Ар дайым Аллаху тааланын ыраазылыгын алууну ойлойт. (Баязыди Бистами)

Арифтердин көңүлдөрү Аллаху тааланын азамет (үстөмдүк) жана кибриясына (улуулугуна) айран-таң. (Имам Раббани)

2- Адиси болгон илимди кыйналбастан жүзөгө ашыра турган, колдоно алган адам.

Аалым менен арифтин арасында айырмачылык бар. Мисалы, нахв илиминин араб тилиндеги жалпы эрежелерин билген адам ушул илимдин аалымы болуп саналат. Ал эми бул илимдерди орду-орду менен, кыйналбастан жүзөгө ашыра турган адам ариф болуп эсептелет. (Сеййид Абдулхаким Арваси)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш