Арш


Аллаху таала жараткан эң чоң барлык. Жети кат асмандын жана курсинин үстүндө болуп, халк (материя) ааламынын акыры, эмр (материясыз) ааламынын башы. Аршуллах, Арши мажид жана Арши ала деп айтылат.

Аяти карималарда мындай делинген: "Аллаху таала көктөр менен жерди алты күндө жаратты. (Мындан мурда) Арш суунун үстүндө эле.” (Худ 7)

Бул аяти карима суунун жерден жана көктөрдөн мурда жаратылгандыгын көрсөтөт. Демек, Арш жердин курулушунда болбогондой эле көктөрдүн да курулушуна окшобойт. Жер менен көккө окшой турган тарабы жок. Бир гана Арш жер менен салыштырганда көктөргө окшойт. Ошондуктан, көктөргө жатат. (Ахмед Фаруки)

"Жети топтогу адамдарды Аллаху таала эч кандай көлөкө болбой турган күнү Арштын көлөкөсүндө көлөкөлөндүрөт. (Бул адамдар) Адилеттүү эл бийлөөчүсү, жаштык чагын ибадат менен өткөзгөндөр, көңүлүн мечиттерге байлагандар, Аллах ыраазылыгы үчүн бири-бирин жакшы көрүп, бир жерге жыйналып жана ушул сүйүү менен айрылгандар, өзүн сулуу аял чакырган кезде "Мен Аллахтан коркомун” деген адам, оң колу берген садаганы сол колу билбей турган түрдө жашыруун бергендер жана жалгыз кезинде Аллаху тааланы зикир кылганда Аллахтан коркуудан ыйлагандар.” (Хадиси шариф – Бухари, Муслим)

Арши ала Аллаху тааланын таң каларлык макулуктарынын бири жана макулуктардын эң кадырлуусу. Бардык нерседен да таза жана нурдуу. (Имам Раббани)

Намаздын кыбыласы Кааба болгондой эле дубанын кыбыласы да – Арш. Ошондуктан, дуба кылганда колдор көтөрүлүп, алакандын ичи асманга каратылып ачылат. (Имам Газали)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш