Аллаху таалага жана акыретке ишенбеген, эч бир
динди кабыл кылбаган, убакыт чексиз жана дүнүйөнүн башы менен соңу жок, ушундай
болгон жана ушундай болуп улана берет деген динсиз адам.
"Жамандыктардын эң жаманы – Аллаху
таалага ишенбөө (атеист
болуу).” (Хадиси шариф - Барика)
Атеисттер Аллаху таалага ишенбейт. "Бардык
нерсе жаратылыш мыйзамченемдүүлүгү менен бар болууда. Жаратуучу жок. Убакыт
өткөн сайын бардык нерсе өзүнөн өзү өзгөрүүдө”, - дейт. (Сейид Шариф Журжани)
Китептерде дин менен күрөшкөн жана "Диндерди
жоюу - материализмдин, марксизмдин алиппеси” деген Ленин бийликке жеткенден
кийин Россияда атеисттердин очогун курган. (Сеадети Эбедиййе)
Өздөрүн акылдуу, билимдүү жана жаңылбай турган
адам сыяктуу эсептеген динсиздер үч түрдүү болуп эсептелет: 1. Атеисттер. 2.
Бардык нерсени табият жасайт деген табиятчылар. 3. Грек философтору, Сократ
менен шакирти Платон жана анын шакирти Аристотельдин жолунда болгондор. (Имам
Газали)