Аллаху тааланын Эсмаи хуснасынан (сулуу
аттарынан). Кечирими көп болгон, күнөөлөрдөн, ката жана кемчиликтерден улам
жазаландырбаган, күнөөлөрдү кечирип амал дептерден өчүргөн.
Аллаху таала Курани каримде мындай мааниде айтат:
"Эгер бир жакшылыкты ачыктасаңар же
аны жашырсаңар, же (силерге
кылынган) бир жамандыкты кечирсеңер, билип койгула, Аллаху таала Афувв
жана бардык нерсеге кадир (бардык жерсеге күчү жетүүчү, кудуреттүү).”
Аяти каримада кечиримдүү болууга, мазлумдун (зулумдукка учураган адамдын)
зулумдук кылган адамды кечирүүсүн үгүттөдө. (Ниса 149)
"Аллахым! Мени кечир. Анткени, сен Афуввсуң
(кечирүүчүсүң) жана Каримсиң (илтипаты менен мээрими мол).” (Хадиси шариф -
Табарани)