Адамдагы кулк-мүнөз. Хулк (кулк) деген сөздүн
көптүк түрү.
"Жакшы мүнөздөрдү толуктоо, жакшы
ахлакты дүнүйө жүзүнө жаюу үчүн жиберилдим.” (Хадиси шариф – Кунуз-уд-дакаик)
"Адамдарды ыраазы кылууга
мал-мүлктөрүңөр жетпейт. Бир гана жылуу жүз жана жакшы мүнөз менен аларды
ыраазы кыла аласыңар.” (Хадиси
шариф – Сунани Абу Давуд)
"Аллаху тааланын эң жакшы көргөн
амалы – жакшы мүнөз.” (Хадиси
шариф – Ахлаки Жалали)
"Аллаху тааланын эң жакшы көргөн кулу
– мүнөзү эң жакшы болгону.” (Хадиси шариф – Адабул-муфрад)
Ислам аалымдарынын көбүнүн айтуусу боюнча адамдар
жакшылыкка, жогорулоого ийкемдүү болуп дүнүйөгө келет. Кийин напсинин жаман
каалоолору жана жакшы мүнөздү үйрөнбөө, жаман адамдар менен дос болуу жаман
мүнөздөрдү ортого чыгарат. (Али бин Эмруллах)