Ислам дини » Терминдер » Акыр заман




Акыр заман


Дүнүйөнүн акыркы убагы, акыркы кезеңи. Жалпысынан алганда Пайгамбарыбыздын "саллаллаху алейхи ва саллам” келүүсүнөн кийинки, тактап айтканда, хижранын миң жылынан кийинки убакыт.

"Акыр заманда фитна (бүлүк) жана жамандыктар көбөйөт.” (Хадиси шариф – Рамуз-ул-Эхадис)

Акыр заман жакындаган сайын ыймансыздыкты көрсөтө турган абалдар менен иштер, бидаттар (динде болбогон, ибадат максаты менен жасалган иштер) көбөйөт. Ислам дини унутулат. Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам” мындай деген: "Ушундай бир заман келет, үммөтүмдө (сага моюн сунгандарда) мусулмандыктын жалгыз гана аты калат. Момун болгондор (ишенгендер) бир нече Ислам адаттарын гана жасашат. Ыймандары калбайт. Жалгыз гана Курани карим окулат, анын буйруктарынан жана тыюу салган нерселеринен кабарлары да болбойт. Ойлорунун баары ичип-жеш гана болот. Аллаху тааланы унутат. Бир гана акчага сыйынат. Аялдарга кул болот. Аз акча табуу менен канааттанбайт. Көп акча тапканы менен тоюмсуз болот.” (Куртуби, Мектубат)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш