Азраил


Төрт улуу периштенин бири. Жандарды алуу менен милдеттенген периште, «малакул мавт», «өлүм периштеси» деп да аталат.

Ибрахим (алейхиссалам) Азраилге (алейхиссалам): «Сени күнөөкөрлөрдүн жанын ала турган кезиңдеги түрүң менен көргүм келет» дегенде периште: «Чыдай албайсың», - дейт. Ибрахим алейхиссалам: «Кандай болсо да көргүм келет», - дейт. Ошол кезде Азраил алейхиссалам өзүнүн коркунучтуу кебетесинде, кара жүздүү, түктөрү тикен-тикен, кара кийимдүү, мурду-оозунан от чыккан абалда көрүнөт. Муну көргөн Ибрахим алейхиссалам эстен танып жыгылат. Эсин жыйган кезде периштени өз кейипинде көрүп: «Эй, жан алуучу периште! Бир күнөөкөр сени бул кебетеңде көргөндөн кийин башка нерсе көрбөсө да ага жеткиликтүү», - дейт.» (Хадиси шариф – Кимйа-и саадат)

Жакшы амал кылган, Аллаху таалага моюн сунган кулдар Азраил алейхиссаламды эң сулуу түрдө көрүшөт. Анын сулуу жүзүн кароодон башка лаззатты билбейт. (Имам Газали)

Жандууларды өлтүрө турган, өлүүлөрдү тирилте турган, дени соолорго оору бере турган, оорулууларга шифаа бере турган бир гана Аллаху таала. Ал эми Азраил алейхиссалам өлүм, жан алууда бир себепчи, ортомчу болуп саналат. (Мухаммед Масум Фаруки)

Азраил алейхиссалам келип жаныңды кыйнап ала турган, ажал келип жаныңды жалмай турган, башыңа жан тапшыруу азабы түшө турган, шайтан ыйманыңды алууга тырыша турган, досторуңдун «Кап, өмүр өттү өлдү, силер аман болгула» деп балдарыңа көңүл айта турган убакты ойлон! (Мухаммед Ребхами)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш