Аллаху тааладан ката жана кемчиликтеримди
кечирүүсүн суранамын, тилеймин деген маанини билдирген өтө ыйык сөз.
Бүткүл иштерде жана жагдайларда истигфарды (Аллаху
тааладан кечирим тилөөнү) окуп жүрүү керек. Истигфар кылганда сеййид-ул
истигфар деп аталган: "Астагфируллахал азим аллази ла илаха илла ху
Ал-Хаййал каййума ва атубу илейх: Азим (улук) болгон Андан башка кудай болбогон,
Хайй жана Каййум болгон Аллаху тааладан күнөөлөрүмдү кечирүүсүн сураймын, Ага
тообо кыламын”, - деп айтуу керек. (Юсуф Синануддин)
Кылган күнөөгө өкүнбөй жана бул күнөөнү башка
кылбай турганына чечим чыгарбай туруп астагфируллах дебегиле. Анткени,
бул күнөө жана жалган болот. (Абдулгани Наблуси)