Аврат


1 – Исламиятта акылдуу жана балиг (балакатта) болгон адамдын намаз окуганда ачуусу жана ар дайым башкаларга көрсөтүү жана башкалардын кароосу харам (күнөө) болгон жерлер.

Аллаху таала аят-и кариманын маанисинде айтты:

"Эй, Расулум "саллаллаху алейхи ва саллам”! Момун эркектерге айткын, харамды карашпасын жана аврат жерлерин харамдан коргошсун. Ыйманы бар аялдарга да айткын, харамды карашпасын жана аврат жерлерин харам кылуудан коргошсун.” (Нур сүрөсү 30)

"Аврат жериңерди ачпагыла (б.а., жалгыз болгон кезде дагы ачпагыла). Себеби, жаныңардан эч айрылбаган периштелер бар. Алардан уялгыла жана аларга карата урматтуу болгула.” (Хадиси шариф Эши’ат-ул-Лемеат)

Ханафи мазхабында эркектердин аврат жери киндик астынан тизенин астына чейин. Тизе аврат болуп саналат. Аялдардын колдорунан жана жүзүнөн башка бардык жерлери, билеги, чачтары жана таманы аврат болуп саналат. Ушундай болсо да, аялдардын колдорун жаба тургандай узун жеңдүү кийим же кең жоолук менен колдору жабык абалда намаз окуусу жакшыраак болот. (Ибн-и Абидин)

Сүйлөй элек жаш балдардын аврат жерлери бир гана алдыңкы дана арткы уяттуу жерлери болуп саналат. Эркек балдардын он жашына чейин, кыз балдардын болсо (жетилгенге чейин) гализ авраттарына (көкүрөк, колтук, бел, сан, тизе жана аркасы), андан кийин бардык аврат жерлерин кароо жаиз эмес, күнөө. (Ибн-и Хумам)

"Мончодо көп отурба. Мончодо киндигиң менен тизелериңдин арасын ачпа. Эркектердин жана аялдардын мончодо да аврат жерлерин ачуусу харам, күнөө. Ачкан да, караган да малун (лаанатталган).” (Сулайман бин Жаза)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш