Ислам дини » Терминдер » Ахли сүннөт




Ахли сүннөт


Итикадда (ишениле турчу нерселерде) жана кылына турчу иштерде Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) жана Анын асхабынын (досторунун) жана кийин келген мужтахид Ислам аалымдарынын жолунда болгон мусулмандар, сүннилер.

Ахли сүннөт болгондор бүгүн төрт мазхабда топтолгон. Бул төрт мазхаб: Ханафи, Малики, Шафии жана Ханбали. (Тахтави)

Ахли бейтти (Пайгамбарыбыздын урпактарын) сүйүү Ахли сүннөттүн байлыгы. (Абдулхаким Арваси)

Расулуллах (алейхиссалам) үммөтүнүн башына түшө турчу нерселерди билдирип жатып: «Бани Исраил жетимиш эки миллетке бөлүндү. Үммөтүм дагы жетимиш үч фыркага бөлүнөт. Булардан бирөө гана кутулат, калгандарынын баары Жаханнамга барат», - деди. Асхабы кирам муну укканда: «Ал кайсынысы йа Расулаллах?» - деп сурашты. «Менин жана асхабымдын жолунда болгондор», - деди. Ислам аалымдары бул хадиси шарифте билдирилген жалгыз кутула турчу фырканын Ахли сүннөт экендигин билдиришкен. (Абдулхак Дехлеви, Имам Раббани)

Ахли сүннөткө моюн сунбастан кутулуу мүмкүн эмес. (Имам Раббани)

Ахли сүннөт аалымдары - Ишенилүүсү зарыл болгон дин маалыматтарын Асхабы кирамдан туура үйрөнүп, китептерге жазган жана Ахли сүннөт итикадында болгон Ислам аалымдары.

Кимде ким Ахли сүннөт аалымдарынын мажилисине кырк күн катышса көңүлү нурданат. Себеби, Исламият буйрук кылган илимдер көңүлдүн жарыгы болуп саналат. Илими болбогон адам шайтанга жана Ислам душманы болгондорго алданат. (Мухаммед бин Аслам Туси)

Ахли сүннөт аалымдарынын жолунда жүрмөйүнчө кутулуу болбойт. Булардын түшүнгөндөрүнө моюн сунмайынча бакытка жете албайт. (Имам Раббани)

Акылдуу жана эрезеге жеткен эркек жана аялдын биринчи милдети – Ахли сүннөт аалымдары жазган акаид маалыматтарын (ыйман маалыматтарын) үйрөнүү жана буларга ылайык ишенүү. (Имам Раббани)

Ахли сүннөт аалымдары билдирген нерселер туура. Буларга туура келбеген маалыматтар туура эмес.

Жунайди Багдади, Сырри Секати, Фудайл бин Ийад, Ибрахим бин Адхам, Шах Накшибанд, Убайдуллах Ахрар, Абдулкадир Гейлани, Ахмед Руфаи, Ахмед Бедеви, Имам Раббани сыяктуу тасаввуф улуулары ошол эле убакта Ахли сүннөт аалымдары болуп саналат. (С. Абдулхаким бин Мустафа)

Ахли сүннөт итикады - Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) жана Асхабы кирамдын (досторунун) жана алардын жолунда жүргөн Ислам аалымдары билдирген итикад, ишеним.

Көңүл бидат (динге кийин киргизилген) ыплас нерселерден тазаланмайынча жана Ахли сүннөт итикады менен кооздолмоюнча акыйкат күндүн жарыктары ал жерге кире албайт. (Ахмед Рауф)

Ахли сүннөт итикадында болбогон дин адамдарынын жазгандарын окугандын көңүлү карарат. (Сулайман бин Жаза)

Көңүлгө келген бардык кашифтерди, абалдарды бизге беришсе, бирок, көңүлүнбүздү Ахли сүннөт ишеними менен кооздошпосо өзүмдү куруду, абалымды талкаланды деп билемин. Бүткүл талкаландыларды, жамандыктарды үстүмө үйүшсө, бирок, көңүлүмдү Ахли сүннөт ишеними менен сыймыктандырышса эч кайгырбаймын. (Убайдуллах Ахрар)

Ахли сүннөт итикадынан кымындай айрылган адам менен сукбатташуу, достошуу – өлтүрүүчү уу. (Имам Раббани)

Ахли сүннөт итикадында болбогон эч ким олуя боло алган эмес. (Имам Раббани)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш