Ислам дини » Аялдын намазы кандай окулат?


Аялдын намазы кандай окулат?

25 августа 2012

    Намаз кандай окулат?

 

            Пайгамбарыбыз Мухаммед (алейхиссалам) да: «Аллаху таала кулдарына күнүнө беш убакыт намаз окууларын буйрук кылды. Туура даарат алып, беш убакыт намазды убактысында окуган, руку менен саждаларын толук орундаган пенделердин күнөөлөрүн  Аллаху таала кечирет», - деп айткан.

Беш убакыт намаз 40 рекеттен турат. Булардын 17-си фарз, 3-ү важип, 20 рекети сүннөт. Алар болсо төмөндөгүдөй:

 1.  Багымдат намазы: 4 рекет. Алгач эки рекет сүннөт, кийин эки рекет фарз окулат. Бул эки рекет сүннөт эң кубаттуу сүннөт болуп эсептелет. Муну важиб дегендер да бар.

 2.   Бешим намазы: 10 рекет (4 рекет алгачкы сүннөт, 4 рекет фарз, 2 рекет  соңку сүннөт).

 3.   Аср намазы: 8 рекет (4 рекет сүннөт, 4 рекет фарз.)

 4.   Шам намазы: 5 рекет (3 рекет фарз, 2 рекет сүннөт.)

 5.   Куптан намазы: 13 рекет (4 рекет алгачкы сүннөт, 4 рекет фарз, 2 рекет соңку сүннөт, 3 рекет витир намазы).

  Аср менен куптан намаздарынын алгычкы сүннөттөрү гайри муаккад сүннөткө жатат. Булардын экинчи рекетинде отурганда "аттахиййатудан кийин "Аллахумма салли” жана "Аллахумма барик” дубалары акырына чейин окулат. Үчүнчү рекетке турганда алгач бисмиллах айтыла электе"Субханака”  дубасы окулат. Ал эми, бешим намазынын алгачкы сүннөтү муаккад сүннөт. Башкача айтканда, өзгөчө буйрук кылынган.Ошондой эле,бул сүннөттүн сообу да көп. Биринчи отурушта фарз намазындагыдай жалгыз гана "аттахиййату” окулуп кийин үчүнчү рекетке турат. Турганда алгач исмиллах” айтылып кийин "Фатиха” сүрөсү окулат.

 

 Мисалы, багымдат намазынын сүннөтү төмөндөгүдөй окулат:

 

1- НИЕТ

2-ТАХРИМА ТАКБИРИ

 

Дене мүчөлөрү көрүнбөй тургандай кылып баштан аякка чейин жабылат. Жалгыз гана алакандары менен жүзү ачык болот. Колдорун эркектер сыяктуу кулакка алып барбастан көкүрөгүнө чейин көтөруп: «Ниет эттим Аллаху тааланын ыразычылыгы үчүн бүгүнкү багымдат намазынын сүннөтүн окууга, жүзүмдү караттым Кыбылага», – деп ниет эткенден кийин «Аллаху акбар» – деп эки колду көкүрөккө бири-биринин үстүнө койот.

 

1- рекет

3- КЫЯМ

Ушул туруу кыям деп аталат. Кыямда турганда көздөр сажда кыла турган (б.а., мандайын коё турган) жерге карап, төмөндөгүлөр окулат:

 

<!-- [if !supportLists] -->-        <!-- [endif] -->Субханака дубасы

<!-- [if !supportLists] -->-        <!-- [endif] -->Аъузу – бисмиллах

<!-- [if !supportLists] -->-        <!-- [endif] -->Фатиха сүрөсү

<!-- [if !supportLists] -->-        <!-- [endif] -->Бир сүрө (зам сүрө)

/Каусар сүрөсү/

 

 

4- РУКУ

Зам сүрөдөн кийин «Аллаху акбар» деп рукуга ийилет.

Рукуда эркектердей түз ийилбейт, көздөр буттун учун карайт. Үч жолу «Субхана раббиал азыим» деп айтылат.

 


 

«Семиаллаху лиман хамидах» деп рукудан туруп жатканда көздөр сажда кыла турган жерден айрылбайт. Тик тургандан кийин «Раббана лакал хамд» деп айтылат. (ушул тик туруу кавма деп аталата).

 

 


5- САЖДА

Кавмада көпкө туруп калбай «Аллаху акбар» деп саждага барат. Саждага барарда ирети менен:

- Оң тизе кийин сол тизе, оң кол кийин сол кол, мурун анан маңдай жерге коюлат.

- Бут манжалары кыбылага карап бүгүлөт.

- Баш эки колдун арасына коюлат.

- Кол манжаларынын арасы жабылат.

- Алакан жерге коюлат, чыканактары да жерге тийет.

- Ушул абалда үч жолу «Субхана раббиял аъла» деп айтылат.  

 

 

 

 


 

«Аллаху акбар» деп буттар оң жакка чыгарылып сол буттун үстүнө отурат. Колдор тизенин үстүнө коюлат, манжалар арасы өз эркине жиберилет. Бул абал жалса деп аталат.

 

 


 

Көп отурбастан «Аллаху акбар» деп кайра саждага барылат. Дагы эң аз үч жолу «Субхана раббиал аъла» дейт.

 

 


«Аллаху акбар» деп ордунан турат. Саждадан турар кезде колдорду жерге таяп күч алууга жана буттарды ары-бери козголтууга болбойт. Саждадан турар кезде кезеги менен биринчи маңдай, мурун, андан кийин сол кол, оң кол, сол тизе анан оң тизе жерден көтөрүлөт.

Тике турганда -   Бисмиллах -  Фатиха сүрөсү -  Зам сүрө, мисалы, Ихлас сүрөсү окулат.

Экинчи рекет да биринчи рекет сыяктуу окулат.

2- рекет


Зам сүрөдөн кийин «Аллаху акбар» деп рукуга ийилет.

Рукуда эркектердей түз ийилбейт, көздөр буттун учун карайт. Үч жолу «Субхана раббиал азыим» деп айтат.

 


 

«Семиаллаху лиман хамидах» деп рукудан туруп жатканда көздөр сажда кыла турган жерден айрылбайт. Тик тургандан кийин «Раббана лакал хамд» деп айтылат.

 

 


Көпкө туруп калбай «Аллаху акбар» деп саждага барат. Саждага барарда ирети менен:

- Оң тизе кийин сол тизе, оң кол кийин сол кол, мурун анан маңдай жерге коюлат.

- Бут манжалары кыбылага карап бүгүлөт.

- Баш эки колдун арасына коюлат.

- Кол манжаларынын арасы жабылат.

- Алакан жерге коюлат, чыканактары да жерге тийет.

- Ушул абалда үч жолу «Субхана раббиал аъла» деп айтылат. 

 

 

 

 

Кийин алгач оң тарапка, андан кийин сол тарапка «Ассаламу алейкум ва рахматуллах» деп салам берип намазды бүтүрөт.

     

 

 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш