Ислам дини » Динибиз » Ибадаттарды орундабоонун себеби




Ибадаттарды орундабоонун себеби


Суроо: Кээ бирөөлөр Мусулман экендиктерин айтышканы менен ибадаттарды орундоодо шалаакы мамиле кылышууда жана арам нерселерден да сактанышпоодо. «Аллах кечирет», - деп жүрүшөт. Мунун себеби эмне болушу мүмкүн?

ЖООП

Бул тууралуу Ислам аалымдарынын улууларынан болгон Имам Раббани хазреттери Мектубат китебинин 1-том, 73-катында бир шакиртине мындай деп жазган:

«Эй, уулум! Жакшы билесиң, бул дүнүйөдө бирөө кандайдыр бир кызмат ордуна ээ болсо, кол алдында иштегендерге кандайдыр бир милдет берсе, бул милдеттин аткарылуусу буйрукту берген адамга да пайдалуу болсо дагы тапшырманы алган бул кызматчы бул милдетин өтө баалайт, ага дыкат маани берет. Бул милдетти мага ошондой чоң адам тапшырды деп мактанат жана кубануу менен, ырахаттануу менен муну аткарууга аракет кылат, туурабы? Андай болсо Ислам дининин буйругун аткарууга аракет кылбагыдай Аллаху тааланын улуулугу бул милдетти берген адамдын улуулугундай эмеспи? Аллаху тааланын буйруктарын аткарбоо эки себептен улам болот:

1- Аллаху тааланын буйруктарына, тыюу салган нерселерине ишенген эмес.

2- Аллаху тааланын буйруктарына маани бербейт. Бул буйруктардын улуулугун кызматтагы башчылардын улуулугунан төмөн көрүүдө. Эки себеп менен тең ибадат кылбоонун жамандыгын ойлообуз керек.

Эй, балам! Көп жалганчылыгы менен таанылган бир киши келип: «Душман бул түнү баланча жерден кол салат», - десе башкаруучулар, акылдуулар мындан сактануунун чарасын ойлошот эмеспи? Ал кишинин жалганчы экендигин билип турушса дагы коркунуч туулган иштерде этияттык сакталып, алдын алып, даяр туруш керек дешет эмеспи?

Пайгамбарыбыз алейхиссалам кайра-кайра, ачык түрдө акыреттин чексиз азаптарын жана андан кутулуунун жолун билдирүүдө. Буга ишенишпейт. Ишенип турушса дагы анын алдын алуу, андан кутулуу чараларын ойлонушкан жок. Андай болсо Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын сөзүнө кайдагы бир жалганчынын сөздөрүнчөлүк маани бербестик кандай ыйман боло алат? Ыйманым бар деп айтуу, Мусулманмын деп ооз менен айтуу адамды куткара албайт. Көңүлдүн буга ишенүүсү «йакин» пайда болуусу керек. Бирок, «йакин» тургай «зан» дагы жок. Балким бул «вахим», б.а., кыял дагы эмес. Себеби, коркунучтуу кезде вахим кылынган нерсенин алдын алуу акылдын талабы. Хужурат сүрөсүнүн 18-аятында «Аллаху таала кылгандарыңарды дайым көрүүдө» деген мааниде айтылганына карабастан арам нерселерди кылышууда. Бирок, кайсыдыр бир киши бул жаман иштерин көрүп коё турган болсо, жада калса, көрүп койуу ыктымалы эле болсо ал ишти кылуудан баш тартышат. Бул абалдын эки себеби болуусу мүмкүн: Же Аллаху тааланын берген кабарына ишенбей жатышат же Аллаху тааланын көргөндүгүнө маани бербей жатышат. Арам иштерди бул эки себеп менен тең кылуу ыйманды көрсөтөбү же инкарды (б.а., ага каршы чыгууну, аны четке кагууну) көрсөтөбү?»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш