Ислам дини » Ыйман маалыматтары » Ахли сүннөт ишеними (акыйдасы)




Ахли сүннөт ишеними (акыйдасы)


Имам Мухаммед Газали (рахметуллахи алейх) "Кимйаи саадат” китебинде мындай дейт: "Мусулман болгон адам эң алгач Ла илаха иллаллах, Мухаммадун расулуллах сөзүнүн маанисин билип, ишенүүсү керек. Бул сөз калимаи таухид деп аталат. Ар бир мусулмандын таухид калимасынын мааанисине күмөн келтирбей, бир гана ишенүүсү жетиштүү. Аларды аят-хадистер менен далилдөөсү жана акылга салуусу керек эмес. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) арабдарга далил менен билип, бул далилдерин айтууну, күмөндөрүн талкуулоолорун буйрук кылган жок. Бир гана ишенүүнү, шектенбөөнү буюрган. Ар бир адам ушундай ыйман келтирсе, бул жетиштүү. Ал эми, ар бир шаарда бир нече дин аалымынын болушу "Фарзы кифайа” болуп саналат. Алардын далилдерди билүүсү, шектерди жоюулары, суроолорго жооп берүүлөрү – важиб. Алар бир жагынан мусулмандарга ишеним (ыйман) илимин үйрөтөт. Экинчи жагынан дин душмандарынын жалааларына жооп беришет.

Калимаи таухиддин маанисин Курани карим билдирген. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) аларды түшүндүрүп берген. Сахабалардын бардыгы ошол түшүндүрмөлөрдү үйрөнүп, өзүнөн кийинки урпактарга билдиришкен. Сахабалардын билдиргендерин өзгөртпөстөн, ошол бойдон китептерине жазып, бизге жеткирген дин аалымдары "ахли сүннөт” деп аталат. Ар бир адамдын ахли сүннөт ишенимин үйрөнүүсү, ошол жолдо бардыгы биригүүсү керек. Түбөлүк бакыттын булагы ушул ишеним болуп саналат.

Калимаи таухиддин маанисин ахли сүннөт аалымдары мындай түшүндүрөт: "Адамдар жок болчу. Алар кийин жаратылган. Адамдардын бир жаратуучусу бар. Жаратылган нерселердин бардыгын Ал жаратты. Анын шериги, окшошу жок. Ал ар дайым бар эле. Бар болуусунун башталышы жок. Ар дайым бар. Бар болуусунун соңу жок. Эч качан жок болбойт. Ар дайым да бар болууга да тийиш. Бар болуусунда эч нерсеге муктаж эмес. Ал эч кандай себепке муктаж эмес. Ага бардык нерсе муктаж. Ар бир нерсени бар кылган жана барлыкта кармап турган күч - Аллах. Ал материя эмес, дене да эмес. Бир жерде эмес. Түрү жок, өлчөнбөйт. Аны кандай деп суроого болбойт. "Аллах” дегенде акылга, ойго, кыялга келген нерселердин бардыгы Ал эмес, алар жараткандары. Ал өзү жараткан нерселерге окшобойт. Акылга, ойго келген бардык нерсени Ал жараткан. Жогоруда да, төмөндө да эмес. Орду жок. Орунга муктаж эмес. Бардык жаратылган нерселер Арштын астында. Ал эми, Арш Анын кудуретинде. Ал Арштын үстүндө. Бирок, бул "Арш Аны көтөрүп турат” деген сөз эмес. Арш Анын кудурети менен бар. Ал эзелтеде кандай болсо, азыр да ошондой. Аршты жаратуудан мурда кандай болсо түбөлүккө ошондой болуп кала берет. Ал өзгөрбөйт, Анын Субути сыпаттары сегиз: хаят, илим, сам, басар, кудурет, ирада, келам, таквин. Бул сыпаттарында да эч кандай өзгөрүү болбойт. Өзгөрүүгө дуушар болуу алсыздык жана кемчилик болуп саналат. Аллаху таала кемчиликсиз. Жараткан бардык жандуу-жансыз нерселеринин эч бирине окшобосо дагы Анын дүйнөдө өзү билдирген даражада билүү жана Аны акыретте көрүү бар. Дүйнөдө кандай экенин белгисиз түрдө билингени сыяктуу, Акыретте да кандай боло турганы түшүнүксүз абалда көрүнөт”.

Аллаху таала кулдарына пайгамбарларды жиберди. Ошол улуу адамдар аркылуу кулдарына бакыттын жолун көрсөттү. Пайгамбарлардын эң улуусу соңку пайгамбар – Мухаммед алейхиссалам. Ал жер жүзүндөгү бардык адамзат баласына пайгамбар катары жиберилген. Бардык адамдардын, периштелердин жана жиндердин пайгамбары. Дүйнөнүн бардык жериндеги адамдар ага моюн сунуусу керек.

Улуу аалым жана камил муршид Абдулхаким Арваси (рахметуллахи алейх) айтат: " Расулуллахтын үч түрдүү милдети бар эле:

Биринчиси – Курандын өкүмдөрүн жана фикх өкүмдөрүн бүткүл адамзатка "таблиг кылуу” б.а., угузуу, билдирүү. "Ахками фикхийа” деп аталган фикх өкүмдөрү – аткарылуусу буйрулган жана тыюу салынган нерселерден турат.

Экинчи милдети – Курани каримдин руханий өкүмдөрүн, б.а., Аллаху тааланын заты жана сыпаттарына таандык болгон жогору марифат – илимдерди үммөтү ичиндеги улууларынын жүрөгүнө салуу. Бул милдетти биринчи вааз кылуу милдети менен чаташтырбоо керек. Мазхабсыздар ушу экинчи милдетти кабылдашпайт. Ал эми, Абу Хурайранын (радиаллаху анх) билдирген кабарында: "Расулуллахтан эки түрдүү илим үйрөндүм. Булардын бирин силерге айттым. Экинчисин айтсам мени өлтүрөсүңөр”, - дегендиги "Бухари”, "Мишкат” жана "Хадика” китептеринде жана "Мактубати Раббани” китебинин 267-катында жазылган.

Үчүнчүмилдети – фикх өкүмдөрүн вааз менен насаат аркылуу аткарбаган мусулмандарга күч менен аткартуу.

Расулуллахтан кийин төрт халифанын (Хазрети Абу Бакр, Умар, Осман, Али (радиаллаху анхум) ар бири ушул үч милдетти толук орундашкан. Хазрети Хасандын (радиаллаху анх) имамдыгы кезинде бөлүнүүлөр, бидаттар көбөйдү. Ислам үч тарапка жайылды. Расулуллахтын нуру жер бетинен алыстады. Сахабалар (радиаллаху анхум) азайды. Бул үч милдетти бир адам аткара албай турган абалга келип калды. Ошондуктан, ошол үч милдет башка-башка үч топко бөлүндү. Илимде "Усул жана Фуру өкүмдөрү деп аталган ыйман жана фикх өкүмдөрүн үйрөтүү милдети дин имамдарына, б.а., мужтахиддерге жүктөлдү. Алардан ыйманды үйрөтө тургандары "Мутакаллимин”, фикхты үйрөткөндөр "Фукаха” деп аталды. Экинчи милдет – каалаган мусулмандарга Курандын руханий жогорку өкүмдөрүн үйрөтүү милдети ахли бейттин он эки имамы жана тасаввуф (сопулук) жолундагы аалымдарга жүктөлдү. Улуу олуялар Жунайд Багдади менен Сырри Секати – алардын катарына кирет.

Үчүнчү милдет – диний өкүмдөрдү күч жана бийлик аркылуу орундатуу иши падышалар менен султандарга, б.а. өкмөт ээлерине жүктөлдү. Биринчи топтун бөлүмдөрү "Мазхаб”, экинчиси "Тарикат”, үчүнчүсү "Мыйзам” деп аталды. Ыйманды билдирген мазхабдар "Итикадда мазхаб” (б.а., ишенимдеги мазхаб) деп аталат. Итикад мазхабдарынын 73 топко бөлүнө тургандыгын, алардын бирөө гана туура, калгандарынын жаңылыш экенин Пайгамбарыбыз кабар берген эле. Ал дал ошондой болду. Туура жолда экендиги кабар берилген топ "Ахли сүннөт вал жамаат” мазхабы деп аталат. Туура эместиги айтылган 72 топ "бидат топтор” деп аталат. Булардын бардыгы мусулман болуп саналат. Ал эми, 72 бидат жолдун бирин карманган адам Куран жана хадистерде ачык билдирилген жана мусулмандар арасында жайылган илимдин бирине ишенбесе, капыр болот. Азыркы кезде ахли сүннөт мазхабынан чыгып, жолдон тайган же капыр болгон, мусулман деп аталган адамдар көп кездешет.

Имам Мухаммед Биргивинин "Тарикат-уль-Мухаммадиййа” деп аталган китебинде жана ошол китептин шархы (түшүндүрмөсү) болгон "Барика” жана "Хадика” китептеринде мындай айтылган: "Имам Бухари жана Имам Муслим тарабынан билдирилген хадисте: "Бир заман келет, менин үммөтүм Исраил уулдары (б.а., яхудилер жана християндар) сыяктуу болушат. Бир жуп бут кийим сыяктуу аларга окшош болушат. Алардын бири өз энеси менен зина кылса, үммөтүмдөн да ошол сыяктуу иштерди жасагандар кездешет. Исраил уулдары 72 топко бөлүндү. Менин үммөтүм 73 топко бөлүнөт. Алардын 72си жаңылыш ишенимдерине байланыштуу Тозокко барат. Бирөө гана Тозокко барбайт. Ал – менин жана сахабаларымдын жолун кармангандар”, -деп айтылган. Исраил уулдарынын Муса алейхиссаламдан кийин 71, Иса алейхиссаламдан кийин 72 топко бөлүнгөндүгү тууралуу "Милал ва Нихал” жана "Барика” китептеринде жазылган. Ишенимдерине байланыштуу Тозоктон кутула турган жалгыз топ "Ахли суннат вал жамаат” деп аталат. 72 топтун ар бири өзүнүн ахли сүннөт экендигин айтып кубанууда. Бейишке бара тургандыгына ишенүүдө. Ал эми, карманган жолун туура деп ойлоо, айтуу адамдын туура жолдо экенин көрсөтпөйт. Чыныгы туура жолдо болуу сөздөр менен иштердин аяттарга жана сахих хадистерге ылайык болуусу менен түшүнүлөт.

Ахли сүннөт мазхабы Матуруди жана Ашари болуп эки бөлөк ысым менен аталса да, экөөнүн негизи бир болгондуктан жана бири-бирине каршы келбегендиктен бир деп эсептелет. Ахли сүннөт тобу ибадатта жана башка иштерде төрт мазхабга бөлүнөт. Төртөөнүн имамдары бирдей болгондуктан бардыгы бир жол. Алар аяттар жана хадиси шарифтерде ачык билдирилбеген өкүмдөр маселесинде бири-биринен бөлүнгөн. Төртөө да бул өкүмдөрдү түшүнүү үчүн ижтихад кылган, күч жумшаган (Ислам укугунда "ижтихад” – аяттар менен хадиси шарифтерден маанилери ачыкча билдирилбегендерин ачык билдирилген башка диний өкүмдөр менен салыштыруу аркылуу жана өкүмдөр чыкарууга аракет кылуу, күч жумшоо болуп саналат). Аны ар бири ар кандай түшүнгөн. Бул мазхабдардын Курани карим менен хадиси шарифтерде ачык айкын билдирилген өкүмдөрдө бири-биринен айырмачылыгы жок. Маанилери ачык түрдө билдирилген аяттар жана хадистерде ижтихад кылынбайт. Ыйманга байланыштуу өкүмдөр арасында ачык билдирилбеген маселелерде ижтихид кылам деп жаңылган адам кечирилбейт. Ушундай жаңылган, ишеними бузулган 72 топ "бидат ээси” деп аталат. Бирок, алар "капыр” деп аталбайт. Ислам дининде ачык айкын билдирилген өкүмдөрдүн бирине ишенбөө - адамдын ыйманын кетирет. Ал адам капыр болот. Жаңылыш өкүм чыгарып, ыймандан айрылгандар "мулхид” деп аталат. Адашкан жетимиш эки топтун ичиндеги Батини, Мужассима, Мушаббиха жана Ваххабилердин бир бөлүгүнүн жана Ибахи тобунун мулхид экендиги "Радд-ул-мухтар” жана "Нимат-и Ислам” китептеринде жазылган.

Жогорудагы хадисте айтылгандай, адамдар ыймандуу жана ыймансыз болуп экиге бөлүнөт. Ыймандуу болгон мусулмандар дагы хак жолдогу ахли сүннөт мазхабынан жана адашкан бидат жолдордон турат. Булардан ахли сүннөт мазхабында болбогондордун, б.а., мазхабсыз адамдардын адашкан жана ыйманынан айрылган адам экени маалым болот.

Ар бир мусулмандын ыйман келтирүүгө тийиш болгон нерселерди ахли сүннөт аалымдары кандай билдирген болсо, ушундай үйрөнүп, анын негизинде ишенүүсү, б.а., ыйман келтирүүсү шарт. Жогоруда билдирилгендерге кыскача ыйман келтирген адам момун, ыймандуу болот. Бир гана ыймандуулуктун себептерин үйрөнбөгөндүгү, издебегендиги күнөө болот. Ыйманга байланыштуу өкүмдөрдү себептери менен үйрөнүү буюрулган. Аткарылуусу жана колдонулбоосу тийиш болгон өкүмдөрдүн далилдерин, себептерин изилдөө буйрук кылынган жок. Б.а., амалдарга байланыштуу өкүмдөрдүн себептерин билбөө күнөө эмес.

Чоң күнөө кылган адамдын ыйманы кетпейт. Харам нерсеге адал десе, ыйманы кетет. Күнөөлөр чоң жана кичине болуп экиге бөлүнөт. Чоң күнөөлөрдүн башында бул жети күнөө турат: 1. Бир нерсени Аллахка шерик кылуу (ширк). Ширк – куфурдун эң жаманы. 2. Бир адамды же өзүн-өзү өлтүрүү. 3. Сыйкыр кылуу. 4. Жетимдин мал-мүлкүн жесе. 5. Пайыз алып берүү 6. Согушта душмандан качуу. 7. Таза аялдарга намыссыз деп жалаа жабуу.

Каалаган бир күнөө чоң күнөөлөр катарында болуп калуусу да ыктымал. Ошол себептен улам, алардын баарынан узак туруу керек. Кичине күнөөнү дайым кыла берсе чоң күнөө болот. Чоң күнөө тообо кылган кезде кечирилет. Адам тообо кылбай кайтыш болсо, Аллаху таала кааласа шапаат аркылуу же шапаатсыз да кечирет. Кечирилбесе адам Тозокко кетет.

"Зуннар” деп аталган поптордун белге байлаган жипти, крест жана ошого окшогон куфурлук белгилерин колдонуу, буттарга урмат көрсөтүү, дин китептерине урматсыздык кылуу, дин аалымдарын мазактоо, куфурга себеп болгон бир сөз айтуу, кыскасы, Ислам дини боюнча урмат көрсөтүү керек болгон нерселерди кордоо, тескерисинче урматтоого тыюу салынган нерселерди урматтоо куфур болуп саналат. Булардын баары Ислам динине ишенбөөнүн, ага болгон каршылыктын белгилери болуп саналат.

Аллаху таала тообо кылган адамдарды жакшы көрөт. Аларды кечирет. Анан ал кайра ошол күнөөнү кылса, тообосу бузулбайт. Экинчи жолу тообо кылуусу керек болот. Тообо кылган адам бир күнөөсү эсине түшкөндө, ошол күнөөнү кылгандыгына кубанса кайрадан тообо кылышы керек. Акысы калган адамдардын акысын берүү, ушактаган адамынан кечирим суроо, анын ыраазычылыгын алуу, кылбаган фарздарынын казасын орундоо – фарз. Булар тообонун шарттары болуп саналат. Бир тыйынды өз ээсине кайтаруу миң жыл нафил ибадат кылгандан жана жетимиш нафил ажылыктан артык. Күнөө кылгандан кийин: "Бул күнөөнү кайра жасап койсом биринчи тообом бузулат”, - деген ой менен тообо кылууну кечиктирүү туура эмес. Бул шайтандын васвасасы жана жахилдик (сабатсыздык) болот. Ар бир күнөөнү кылгандан кийин дароо тообо кылуу керек. Тообону бир саат кечиктирүү күнөөнү эки эсеге көбөйтөт. Мындан белгилүү болуп жаткандай казага калган намаздардын күнөөсү ар бир намаз маалы өткөн сайын эки эсеге көбөйө берет.

"Тообо кылдым”, - дегени менен тообо кылынды деп эсептелбей. Тообонун кабыл болуусу үчүн үч шартты орундоо керек: 1. Дароо күнөө ишти токтотуу. 2. Күнөө кылганына Аллахтан коркуп, уялуу жана өкүнүү. 3. Бул күнөөнү кайра кылбайм деп чын көңүлдөн сөз берүү. Аллаху таала шарттарына ылайык кылынган тообону кабыл кыла тургандыгына сөз берген. (Кул акысы бар күнөөнүн тообосу үчүн акысы бар адамдын кечирүүсү керек).

Мүнөз өзгөрөт. Жакшы мүнөздүү болууга аракет кылуу керек.

Адамдын акыретте ыймандуу болуп-болбой тургандыгы анын акыркы деминде белгилүү болот. Алтымыш жыл капыр болгон адам өлүмүнөн аз убакыт мурда мусулман болсо, акыретте момун (ыймандуу) болуп тирилет. Пайгамбардан жана Бейишке бара тургандыгы билдирилген адамдардан башка эч кимди Бейиштик деп айтууга болбойт. Анткени, жан чыгаарда жагдайдын кандай боло тургандыгы белгисиз. Ыймандуу киши кайтыш болгондон кийин артында кайрымдуу иштери калган болсо, пайдалуу китептери калса, балдары жакшы болуп ага дуба окушса, ал кишиге сооп жазылат. Адам өлгөндөн кийин анын жакшылык (сооп) жана жамандык (күнөө) дептери жабылбайт. Асхабы кирамдан Саад бин Убада (радиаллаху анх): "Эй, Расулуллах! Энем кайтыш болду. Ага кандай жакшылык кыла аламын?” - деп сураганда, Пайгамбарыбыз: "Адамдарга суу садага кылуу, таратуу жакшы болот”, -деп айткан. Дуба кылып, сооп багыштаган кезде момундардын баарынын рухтарына (арбактарына) багыштоо керек. Ал баарына жетип барат. Дуба – кырсык жана жамандыктардан сактайт. Садага берүү – Аллаху тааланын азабын жумшартат. Ооруп жаткан адамдын ажалы жетпеген болсо даба таап бутуна туруусуна себеп болот. Аллаху таала дуба кылбагандарды жактырбайт.

Ар бир мусулмандын ишеним (итикад) жана амалдагы өз мазхабын үйрөнүүсү важиб. Мазхаб – жол деген сөз. Курани каримде жана хадистердеги жабык маанилүү маалыматтарды мужтахид аалымдар ижтихад кылуу аркылуу чыгарат. Ишенимдеги мазхабыбыз – ахли сүннөт вал жамаат мазхабы. Бул – Расулуллахтын сахабаларынын жана жамаатынын ишеними жана ыйманы дегенди билдирет. Сахабалардын бардыгы мужтахид. Алар Ислам дининин нуру. Мусулмандардын имамдары – алардын жол башчылары жана кармана турган далилдери. Алардын жолунан тайгандар Тозокко барат. Ахли сүннөт тобунун эки имамы бар:

1. Абу Мансур Матуруди (рахметуллахи таала алейх). Ал Имам Азам Абу Ханифанын (рахметуллахи таала алейх) мазхабында жетилген улуу аалым. Ханафи аалымдары итикадда, б.а., ишенимде анын мазхабында, жолунда.

2. Абул Хасан Ашари (рахметуллахи таала алейх) – Шафии мазхабындагы аалымдардын улуусу. Бул эки мазхаб арасында өтө аз айырмачылык бар.

Азыркы учурда ижтихад аркылуу шариат өкүмүн чыгара ала тургандай жогорку илимдүү мужтахид аалым жок. Ошол себептен ар бир мусулман белгилүү төрт мазхабдын бирин "Илмихал” китебин окуп үйрөнүп, ыйманын жана бардык иштерин ага ылайык орундоого тийиш. Ошентип бир мазхабды карманган болуп эсептелет. Төрт мазхабдын эч бирин карманбаган адам ахли сүннөт боло албайт. Мазхабсыз болот. Мазхабсыз адам же 72 адашкан топтун бирине түшөт же болбосо ыйманынан да ажырап куфурга түшөт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш