Ислам дини » Динибиз » Ыймандуу адамды кийин ыймансыздыкка алып бара турчу нерселер




Ыймандуу адамды кийин ыймансыздыкка алып бара турчу нерселер


Азыр ыйманы болуп туруп илгериде ыйманынын кетүүсүнө себеп болгон нерселер [40] чамасында:

1- Бидат ээси болуу. Б.а., итикады бузук болуу. [Ахли сүннөт аалымдары билдирген туура итикаддан аз болсо дагы айрылган адам жолдон адашкан же капыр болот. Ишенүү зарыл болгон нерсеге ишенбесе дароо капыр болот. Инешүү зарыл болбогон нерсени четке какса (Бидат) же (Далалат)болот. Акыркы демде ыймансыз кетүүгө себеп болот.]

2- Алсыз ыйман, б.а., амалсыз ыйман.

3- Тогуз мүчөсүн туура жолдон чыгаруу.

4- Чоң күнөө кылууну улантуу. [Бул үчүн алкоголдук ичкилик ичпөө, мусулман аялдар жана кыздар башы, чачы,  балтыры жана билектерин чоочун эркектерге көрсөтпөөлөрү

5- Ислам жакшылыктарына шүгүр кылууну токтотуп коюу.

6- Акыретке ыймансыз кетүүдөн коркпоо.

7- Зулумдук кылуу.

8- Сүннөткө ылайык окулган азанды тыңдабоо. [Мындайча окулган азанга маани бербесе дароо капыр болот.]

9- Эне-атага аси болуу [каршы келүү.] Алардын Исламиятка туура келген, мубах болгон буйруктарын катуу сөз менен четке кагуу.

10- Туура болуп турса да көп ант ичүү.

11- Намазда рукуда, кавмада, эки сажда менен жалсада тадили арканды таштап коюу. Тадили аркан туманинет менен, б.а., эч кыймылдабастан субханаллах дегенчелик күтүү.

12- Намазды маанисиз деп эсептеп, үйрөнүүгө жана бала-бакырага үйрөтүүгө маани бербөө жана намаз окугандарга кедерги болуу.

13- Хамр [шарап] жана көбү мас кыла турчу ичкиликти аз болсо дагы ичүү. [Пиво ичүү дагы харам].

14- Момундарга кыйынчылык туудуруу.

15- Жалган жерге олуялык жана динди сатуу. Ахли сүннөт маалыматтарын үйрөнбөстөн өзүн дин аалымы, ваиз кылып таанытуу. [Мындай жалганчылардын өз оюнан чыгарып жазган дин китептерин окубоо керек. Вааздарын жана сөздөрүн тыңдабоо керек.]

16- Күнөөсүн унутуу, аны кичине деп билүү.

17- Текебер болуу, б.а., өзүн жакшы көрүү.

18- Ужб, б.а., илим жана амалым көп деп айтуу.

19- Мунафыктык, эки жүздүүлүк.

20- Хасед кылуу, дин бир тууганын көрө албоо.

21- Өкмөттүн жана устазынын исламиятка каршы болбогон сөзүн орундабоо. Каршы болгон буйруктарына каршы чыгуу.

22- Кимдир бирөөнү тажрыйба кылбастан жакшы адам деп айтуу.

23- Жалганды уланта берүү.

24- Аалымдардан качуу. [Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин окубоо.]

25- Муруттарын сүннөт болгон өлчөмдөн артык узартуу.

26- Эркектердин жибек кийүүлөрү. Аралаш жибек жана ич каптамы жибек, тигүүсү пахта болсо жаиз.

27- Гыйбат кылууну улантуу.

28- Капыр болсо да коңшусуна кыйынчылык туудуруу.

29- Дүнүйөлүк нерселерден улам ачуулануу.

30- Риба, пайызга акча алып-берүү.

31- Мактануу үчүн көйнөгүнүн жеңдерин жана этектерин ашыкча узартуу.

32- Сыйкыр кылуу.

33- Мусулман жана салих болгон туугандарды зыярат кылып турууну таштап коюу.

34- Аллаху таала сүйгөн адамды сүйбөө жана исламды бузуу үчүн алектенген адамдарды сүйүү.

35- Момун бир тууганына үч күндөн артык кек сактоо.

36- Зина кылууну улантуу.

37- Ливата кылып, тообо кылбоо. Ливата – бул зекерин биринин аркасына киргизүү. Эркектердин заара чыккан жери зекер, аялдардыкы болсо ферж деп айтылат.

38- Азанды фыкх китептери билдирген убакыттарда жана сүннөткө ылайык окубоо жана сүннөткө шай окулган азанды уккан кезде ага урмат көрсөтпөө.

39- Мункар (харам) иш кылган адамды көрүп, күчү жетип турса да жумшак тил менен андан кайтарбоо.

40- Аялынын, кызынын жана насыят кылууга акысы болгон аялдардын башы, колдору, буттары ачык, жасанып, атыр себинип көчөгө чыгуусуна жана жаман адамдар менен көрүшүүлөрүнө ыраазы болуу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш